Сарпашевдин ордун 30 жаштагы Дастан Догоев басты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент КР Алмазбек Атамбаев и заместитель председателя Государственной регистрационной службы Дастан Догоев (справа) во время ознакомления в работой системы изготовления биометрических электронных паспортов
Президент КР Алмазбек Атамбаев и заместитель председателя Государственной регистрационной службы Дастан Догоев (справа) во время ознакомления в работой системы изготовления биометрических электронных паспортов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дастан Догоев буга чейин кызматынан өз калоосу менен кеткен Тайырбек Сарпашевдин орун басары болуп иштеп келген

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматынын жаңы жетекчиси болуп Дастан Догоев дайындалганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Бул тууралуу токтомго премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Догоев мурда аталган кызматтын жетекчисинин орун басары кызматын аркалаган.

Жогорку кеңеш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын аткаминерлер көп төрөлгөн аймактары
Дастан Догоев 1986-жылдын 3-августунда туулган. Жогорку билимин "Бизнес-менеджмент" адистиги боюнча Британиянын Кавэндиш колледжинде алган.

Ошондой эле Лондон шаарындагы Кингстон бизнес жана юриспруденция мектебин бүтүргөн.

Мындан тышкары, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Эл аралык билим берүү программаларынын интеграция институтунун жана Эл аралык "Себат" мектебин (азыркы — "Сапат") аяктаган.

Догоев учурда өкмөттүн алдындагы ведомстволор жана кызматтардын жетекчилеринин арасынан эң жашы болуп калды.

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Тайырбек Сарпашев мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин жана анын жакындарынын мүлкүн конфискациялоого байланышкан чуулуу иштерден кийин өз калоосу менен кызматынан кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0