Арстанбек Абдылдаев президенттикке талапкерлигин койду

© Sputnik / Табылды КадырбековСнимок с социальной сети Facebook пользователя Арстан Алай Абдылдаева
Снимок с социальной сети Facebook пользователя Арстан Алай Абдылдаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган талапкер 2011-жылкы президенттик шайлоого катышкан.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясына Кыргызстандын президенттигине талапкерлигин коюу боюнча дагы бир арыз келип түштү. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Өзүн-өзү талапкерликке көрсөтүү арызы "Аурдин" ЖЧКсынын директору Арстанбек Абдылдаев тарабынан түшкөн.

Ал 2011-жылкы президенттик шайлоого катышкан. Ошол эле жылы Бишкекте өткөн маалымат жыйында "Зима не будет" деп айткан кеби менен коомчулукка кеңири таанылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0