Рита Карасартова президенттикке аттанды

© Фото / Протопопова ЮлияПравозащитник Рита Карасартова
Правозащитник Рита Карасартова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилей кетсек, укук коргоочу өзүн өзү көрсөткөн талапкерлердин катарында.

БИШКЕК, 27-Июн. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясына укук коргоочу Рита Карасартовадан президенттикке талапкерлигин көрсөткөн арыз келип түштү. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы кабарлады.

Снимок с социальной сети Facebook пользователя Арстан Алай Абдылдаева - Sputnik Кыргызстан
Арстанбек Абдылдаев президенттикке талапкерлигин койду
Өлкө башчысы болууга ушуну менен бешинчи адам катталууда. Азырынча президенттикке талапкер катары БШКга катталгандардан Карасартова жалгыз аял.

Белгилей кетсек, Карасартова өзүн өзү көрсөткөн талапкерлердин катарында.

Буга чейин президенттикке талапкерлигин Темир Сариев, Өмүрбек Текебаев, Назарбек Нышанов жана Арстанбек Абдылдаевдер көрсөткөн.

Рита Карасартова учурда "Коомдук талдоо институту" коомдук бирикмесин жетектейт.

Президент болуунун жол-жобосун Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0