Кыргызстандын жана Россиянын желектери. Архив

Володин: Мамдума Кыргызстандын РФ алдындагы карызын жоюуну колдойт

62
(жаңыланган 14:34 28.06.2017)
Россия Мамдумасынын төрагасы Кыргызстандын 240 миллион долларлык карызын кечүү боордоштук мамиле экенин белгиледи.

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Россиянын Мамлекеттик думасындагы бардык саясий күчтөр Кыргызстандын карызын жоюуну колдойт. Бул тууралуу Мамдуманын төрагасы Вячеслав Володин Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен жолугушуу учурунда айтты.

Россиянын Володин башында турган парламенттик делегациясы Бишкекке 28-июнь күнү келди. Тараптар тар жана кеңейтилген чөйрөдөгү жолугушууларды өткөрдү.

"Презитентибиздин Кыргызстандын карызын жоюу боюнча чечимин колдоого алдык. Саясий көз карашына карабастан кесиптештерибиздин баары бул туура чечим экенин айтышууда. Анткени бул стратегиялык өнөктөштүккө багытталган кадам болду", — деди Володин.

Мамдуманын төрагасы 240 миллион доллардык карызды кечүү Россия тарабынан жасалган боордоштук мамиле экенин белгилеп, эки өлкөнүн парламенттер аралык алакасынын маанилүүлүгүнө токтолду.

Володиндин өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев менен да жолугушуусу пландалган.

62
Белгилер:
карыз, Жогорку Кеңеш, Мамлекеттик Дума, Чыныбай Турсунбеков, Вячеслав Володин
Тема боюнча
Мамдума төрагасы Володин: кыргыз-орус мамилеси мезгил сынынан өттү
Мамдума төрагасынын сапарынан улам Бишкектин айрым көчөлөрү жабылат