Экономика боюнча эксперт КРдин президенти болууга белсенди

© Фото / Жаныл Раева Экономист Кубан Чороев
Экономист Кубан Чороев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушуну менен президенттикке талапкерлердин саны 18ге жетти.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясына Кубан Чороевдин президенттикке талапкер болом деген арызы келип түштү. Бул туурасында аталган ведомстводон кабарлашты.

Чороев президенттикке талапкерлигин өзү көрсөттү. Ал "Байыркы көчмөн цивилизациясынын тарыхый жана маданий мурастарын кайра жаратуу" коомдук фондусунун жетекчиси, экономика боюнча эксперт.

Маалымат жыйындагы президенттин орду. Архив - Sputnik Кыргызстан
Президент болуунун жол-жобосу. Сценарий
Белгилей кетсек, ушуну менен талапкерлердин саны 18ге жетти.

Алар — Садыр Жапаров, Замира Муратбеков, Санжарбек Эрназаров, Сагынбек Абрахманов, Муктар Чолпонбаев, Темир Сариев, Өмүрбек Текебаев, Назарбек Нышанов, Арстанбек Абдылдаев, Рита Карасартова, Бакыт Дегенбаев, Сайнидин Султанидинов, Камила Шаршекеева, Бакыт Төрөбаев, Турсунбай Бакир уулу, Өмүрбек Бабанов жана Таалатбек Масадыков болду.

Президенттик шайлоо 2017-жылдын 15-октябрында өткөрүлөт. Талапкерлерди көрсөтүү 1-августка чейин созулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0