Текебаевдин жактоочулары: Атамбаев убактылуу өкмөттүн мүчөсү катары көрсөтмө берсин

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин архивдик сүрөтү
Ата Мекен фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда сот кеңешүү бөлмөсүнө чыгып кетти.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Борбор калаадагы Биринчи Май райондук сотунда "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге карата козголгон кылмыш иши боюнча сот отуруму өтүүдө.

Анда экс-президент Роза Отунбаева, саясатчы жана коомдук ишмерлер Феликс Кулов, Данияр Нарымбаев көрсөтмө берди.

Текебаевдин жактоочулары сотто азыркы президент Алмазбек Атамбаев дагы келип көрсөтмө бериши керектигин айтты.

"Убактылуу өкмөттүн башчысы болгон Роза Отунбаева келип көрсөтмө жатат. Бул жакта көрсөтмө берип жаткандардын бардыгы "Альфа Телекомдун" маселеси Атамбаевдин катышуусусуз чечилбей турганын баса белгилеп жатышат. Андыктан Атамбаев азыркы президент катары эмес, Убактылуу өкмөттүн башчысынын ошол кездеги жардамчысы катары келип көрсөтмө бериш керек", — деди ал.

Бирок, мамлекеттик айыптоочулар жактоочулардын бул сунушу буга чейин да каралганын айтып, аны четке кагууну соттон өтүндү. Өз кезегинде сот ишине төрагалык кылган судья Айбек Эрнис уулу жактоочулардын өтүнүчүн канааттандырган жок.

Текебаевдин жактоочулары сотко ишеним көрсөтпөө маселесин көтөрүштү.

Мурдагы президент Роза Отунбаеванын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Текебаевдин сотунда экс-президент Отунбаева көрсөтмө берүүдө
Учурда сот кеңешүү бөлмөсүнө чыгып кетти.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-февралында Башкы прокуратура "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге жана башка адамдарга карата КР Кылмыш жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү (коррупция) жана 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2-3-пункттарында (алдамчылык) камтылган белгилер боюнча кылмыш ишин козгогон.

Козголгон кылмыш иштин алкагында Текебаев менен Чотонов кармалган. Россиялык бизнесмен Леонид Маевский Текебаев "Альфа Телеком" (Mega Com) компаниясынын башкармалыгына кирүүгө мүмкүнчүлүк берүү үчүн бир миллион доллар алды деп айтып, депутаттын үстүнөн арыз жазган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0