"Шматрица" компаниясынын башчысы президенттикке талапкерлигин көрсөттү

© Sputnik / Табылды КадырбековПортфельчен адамын архивдик сүрөтү
Портфельчен адамын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ошентип президенттикке талапкерлигин көрсөткөндөрдүн саны 26 кишиге жеттий

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. "Шматрица" ЖЧКсынын директору Руслан Жунусов КР президенттигине өзүнүн талапкерлигин көрсөтүп, арыз менен Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды.

Маалыматка ылайык, учурда ал 48 жашта жана "Шматрица" ЖЧКсын жетектейт.

14-июлда саат 16:00гө алынган маалымат боюнча президенттикке талапкерлигин көрсөткөндөрдүн саны 26 кишиге жетти. Анын ичинен 22 жаран өзүн-өзү көрсөтсө, 4 жаран саясий партиялар тарабынан көрсөтүлгөн.

Маалымат жыйындагы президенттин орду. Архив - Sputnik Кыргызстан
Президент болуунун жол-жобосу. Сценарий
Өзүн көрсөткөндөр: Назарбек Нышанов, Өмүрбек ТекебаевАрстанбек Абдылдаев, Бакыт Дегенбаев, Сайнидин Султанидинов, Камила Шаршекеева, Таалатбек Масадыков, Өмүрбек БабановРита Карасартова, Турсунбай Бакир уулу, Замира Муратбекова, Санжарбек Энназаров, Сагынбек Абдрахманов, Мукар Чолпонбаев, Кубан Чороев, Анвар Сартаев, Куттубек Бешбаков, Игорь Трофимов жана Максатбек Жумабеков, Улукбек Кочкоров, Нусрет Муса-Оглы Мамедов жана Руслан Жунусов.

Партиядан көрсөтүлгөндөр: Бакыт Төрөбаев ("Өнүгүү-Прогресс"саясый партиясынан), Темир Сариев ("Ак-Шумкар" саясий партиясынан), Турсунбек Акун (Адам укугу саясий партиясынан) жана Адахан Мадумаров ("Бүтүн Кыргызстан" партиясынан).

Белгилей кетсек, президенттик шайлоо 2017-жылдын 15-октябрында өткөрүлөт. Талапкерлерди көрсөтүү 1-августка чейин созулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0