Жогорку Кеңештин спикери Турсунбай Чыныбековдун архивдик сүрөтү

КСДПнын съездинде Чыныбай Турсунбеков президенттикке эмне үчүн барарын айтты

1529
(жаңыланган 13:27 15.07.2017)
Бүгүн КСДПнын съездинде президенттикке талапкер катары азыркы премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин сунушталып, колдоо тапкан.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. КСДПнын бүгүн өтүп жаткан съездинде Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбеков президенттикке шайлоого катышууга ниети бар экендигин билдирди.

Ал бир партиядан эки талапкердин чыгышы тууралуу пикирин айтты.

"Бир партиядан эки талапкердин көрсөтүлүшү партияга зыян келтирбейт. Ал эми акыркы убактарда "КСДП партиясы экиге бөлүнүп жатат" деген пикирлер чындыкка жатпай турганын айткым келет", — деди ЖКнын төрагасы.

Бүгүн Бишкек шаарында КСДПнын съездине өтүп, ага 600дөн ашуун делегат катышты.

Эске сала кетсек, съездде президенттикке талапкер катары азыркы премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун талапкерлиги сунушталып, бекитилди.

1529
Белгилер:
съезд, президенттик шайлоо, КСДП фракциясы, Сооронбай Жээнбеков, Чыныбай Турсунбеков
Тема:
Кыргызстандагы президенттик шайлоо - 2017 (257)
Тема боюнча
КСДП партиясы президенттикке талапкер катары Жээнбековду көрсөттү
"Шматрица" компаниясынын башчысы президенттикке талапкерлигин көрсөттү

Эки айда үч жолу... РФ истребителдери АКШнын чалгынчы учактарын Сирияга жолотпойт

268
Россиянын истребителдери Сириянын жээгине жакындоого аракет кылган АКШнын Poseidon P-8A чалгынчы учагынын жолун тосту.

Бул окуядан кийин АКШ командачылыгы Россиянын аскер-космостук күчтөрүн ээнбаштык менен кооптуу маневрларды жасап жатат деп кине койду. Алардын айтымында, россиялык истребителдер тыңчы учакка 8 метрге чейин жакын келип, маневр жасоого жолтоо болгон имиш. Чалгынчы учактын жолун бууганга 64 мүнөт кеткен.

Америкалык учактар ушуну менен Сириянын аймагында жайгашкан россиялык аскер объектилерине жакындоого акыркы эки айда эле үчүнчү ирет аракет жасап жатышат.

Өз кезегинде Россиянын Коргоо министрлиги Аскер-космостук күчтөргө таандык учактардын баары эл аралык эрежелерди катуу сактай турганын дайым эскертип келет.

268
Белгилер:
Сирия, армия, Россия, АКШ, чалгынчы, истребитель, учак
Тема боюнча
Крымда универсалдуу десанттык кеме курулат. Россиялык "Мистралдын" өзгөчөлүктөрү
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив

Жээнбеков эл аралык форумга катышып, пандемия маалындагы өнүгүүнү талкуулайт

32
(жаңыланган 15:25 28.05.2020)
Видеоконференцияга чет мамлекеттердин башчылары, эл аралык уюмдар, каржы институттарынын жетекчилери жана БУУнун башкы катчысы Антониу Гуттериш катышат.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков коронавирус жайылган учурда өнүгүүнү каржылоо боюнча эл аралык форумга катышат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, иш-чара видеоконференция форматында өтөт.

"Онлайн-жыйынга Жээнбеков Канада премьер-министри Жастин Трюдо, Ямайканын өкмөт башчысы Эндрью Холнесс жана БУУнун башкы катчысы Антониу Гуттериштин чакыруусу боюнча катышмакчы. Анда чет мамлекеттердин башчылары, эл аралык уюмдар, каржы институттарынын жетекчилери жана Гуттериш өзү болуп коронавирус мезгилинде өнүгүүнү каржылоо маселесин талкуулашат", — деп айтылат маалыматта.

Форумду Канада жана Ямайка өкмөттөрү уюштуруп жатканы маалым болду.

32
Белгилер:
жыйын, БУУ, Сооронбай Жээнбеков, Кыргызстан
Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус
Тема боюнча
БУУ коронавирус пандемиясын көтөрө албай бүк түшчү өлкөнү атады
Жээнбеков Москвада өтө турган Жеңиш парадына катышат
Биометрикалык паспорт. Архивдик сүрөт

Географияны мыкты билген үй-жайсыз Кайрат паспорт алды

0
(жаңыланган 23:44 28.05.2020)
Паспорт алган жаран ал үчүн документ алуу өтө маанилүү экенин айткан. Эми ал жумуш табуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Социалдык тармактарда "географияны жакшы билген үй-жайсыз адам" катары таанылган кыргызстандык Кайрат Курманалиев паспорт алды.

Анын документ алып, баарына ыраазычылык билдирген видеосу Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулаймановдун Instagram баракчасына жарыяланды.

Кайратты белгилүү кылган видео социалдык тармактарда бир ай мурун тараган. Аны комендатуранын кызматкерлери да жардам берүү максатында издешкен. Убакыттын өтүшү менен ал сырткы келбетине, кийингенине көңүл бура баштап, интернет колдонуучулары Алтынбек Сулайманов экөөнүн түспөлдөш экенин байкашкан. Депутат да окшоштук бар экенин моюндаган.

0
Белгилер:
депутат, селсаяк, Алтынбек Сулайманов, паспорт
Тема боюнча
Өмүр бою Өзгөндө жашаган 100 жаштагы энеге биринчи ирет паспорт берилди