Азимбек Бекназаров президенттик шайлоого катышууга кам урду

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкс-депутат Азимбек Бекназаровдун архивдик сүрөтү
Экс-депутат Азимбек Бекназаровдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оппозициядагы саясатчы БШКга 30-адам болуп арызын тапшырды

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясына президенттикке аттанам деген саясатчы Азимбек Бекназаровдон арыз түштү. Ал талапкерлигин өзү көрсөттү. Бул туурасында БШКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

62 жаштагы Бекназаров учурда жактоочу болуп иштейт.

Ошентип, 2017-жылдын 17-июлуна карата 30-адам президенттикке аттануу ниети менен БШКга арызын тапшырды.

Учурдагы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Премьердин ордуна орун басары келери айтылууда. Өзгө эмес, өкмөттөн дешти
Буга чейин Назарбек Нышанов, Өмүрбек Текебаев, Арстанбек Абдылдаев, Бакыт Дегенбаев, Сайнидин Султанидинов, Камилла Шаршекеева, Таалатбек Масадыков, Өмүрбек Бабанов, Рита Карасартова, Турсунбай Бакир уулу, Замира Муратбекова, Санжарбек Энназаров, Сагынбек Абдрахманов, Мукар Чолпонбаев, Кубан Чороев, Анвар Сартаев, Куттубек Бешбаков, Игорь Трофимов, Максатбек Жумабеков, Улукбек Кочкоров, Нурсет Мамедов, Руслан Жунусов, Мирлан Шерикул уулу жана Арсланбек Малиев талапкерлигин өздөрү көрсөттү.

Ал эми "Ак-Шумкар" партиясы Темир Сариевдин, "Өнүгүү-Прогресс" Бакыт Төрөбаевдин, "Адам укугу" партиясы Турсунбек Акундун, "Бүтүн Кыргызстан" партиясы Адахан Мадумаровдун, КСДП Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин көрсөттү.

Президенттик шайлоо 2017-жылдын 15-октябрына белгиленген. Кыргызстандын президенти алты жылга шайланат. Ага эки ирет удаасы менен мамлекет башчы болууга укук берилбейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0