БШК: президентикке талапкерлердин үчөө СИЗОдо жатат

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүУбактылуу камалуучу жай. Архив
Убактылуу камалуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Талапкерлерди көрсөтүү 1-августка чейин уланат. Алар документтерин 1-сентябрга чейин тапшырып жетишүүсү керек.

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Өлкө президенттигине талапкерлигин сунуштап жаткан жарандардын арасында үчөө азыркы тапта убактылуу кармоо жайында жаткандыгын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

"Бизге жаран талапкер болууга арызын берери менен маалымат борборунан анын кылмыш жана соттук иштери боюнча маалымат алабыз. Азыркы учурда талапкер катары сунушталган адамдардын ичинен үчөө убактылуу кармоо жайларында жатышат. Алар: Өмүрбек Текебаев, Игорь Трофимов жана Куттубек Бешбаков", — деди Бекматов.

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге 2017-жылдын 25-февралында Башкы прокуратура КР Кылмыш жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү (коррупция) жана 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2-3-пункттарында (алдамчылык) камтылган белгилери боюнча кылмыш ишин козгоп, ошол эле күнү депутат УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков премьерлик кызматтан качан кетиши керек. Шайлоо-2017
Активист Игорь Трофимовду ушул жылдын 25-май күнү Свердлов РИИБинин кызматкерлери кармап, ага карата Кылмыш жаза кодексинин 299-беренеси (Улуттук, расалык же диний кастыкты козутуу) менен кылмыш иши козголгондугун ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Ишкер Куттубек Бешбаковго КР Кылмыш жаза кодексинин 166 (Алдамчылык) жана 171-беренелери (Ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу же орунсуз коротуу) менен 2014-жылдын май айында кылмыш иши козголгонун ИИМдин маалыматына таянып, "Кабар" агенттиги жарыялаган.

БШКнын маалыматына караганда, талапкерлер документтерин тапшырган соң комиссия алардын "Президенттикке жана ЖКга болуучу шайлоолор жөнүндө" конституциялык мыйзамдын талаптарына жооп берер-бербесин текшерет. Андан соң гана каттоо чечимин кабыл алат.

Талапкерлерди көрсөтүү 1-августка чейин уланат. Алар документтерин 1-сентябрга чейин тапшырып жетишүүсү керек. Андан 10 календарлык күн өткөн соң БШК талапкерлерди каттайт да, үгүт иштери башталат.

Кыргызстандын президентин шайлоо 2017-жылдын 15-октябрында болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0