Декларация: Жогорку Кеңештеги фракция лидерлеринин кимиси бай

Жазылуу
Жогорку Кеңештеги фракция башчыларынын кирешелери менен чыгашалары эсептелди

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Мамлекеттик кадр кызматы Жогорку Кеңештин депутаттарынын 2016-жылдагы кирешеси жана чыгашасы тууралуу декларацияны жарыялады.

Буга чейин президенттин, Жогорку Кеңештин төрагасынын, премьер-министрдин, Жогорку сот менен Конституциялык палатынын төрагасынын декларациясы чыгарылган. 

Sputnik Кыргызстан агенттиги фракция башчылары менен алардын жакындарынын кирешеси жана чыгашасын карап көрдү.

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Бир Бол" фркциясынын башчысы Алтынбек Сулайманов
Депутат Алтынбек Сулайманов - Sputnik Кыргызстан
"Бир Бол" фркциясынын башчысы Алтынбек Сулайманов

Коротулган миллиондор

Белгилей кетсек, Алтынбек Сулаймановдон башка фракция башчыларынын бирөө дагы "жеке чыгымдар" деген бөлүмдү толтурушкан эмес. "Бир Бол" фркциясынын башчысы былтыр 9,5 миллион сом короткон.

© Sputnik / Табылды КадырбековЖК депутаты Өмүрбек Бабанов
Депутат 6-го созыва ЖК Омурбек Бабанов - Sputnik Кыргызстан
ЖК депутаты Өмүрбек Бабанов

Туугандарынын чыгымын бир гана Өмүрбек Бабанов көрсөткөн. Анын жакындары 272,7 миллион сомду муктаждыктарына сарпташкан.

Money, money

Өмүрбек Текебаев ("Ата Мекен") Алтынбек Сулайманов ("Бир Бол") жана Бакыт Төрөбаев кирешеси бир гана айлыктан түшкөнүн белгилеген. Текебаев 988 миң сом тапса, Сулайманов 838 миң сом жана Төрөбаев 844 миң сом тапкан.

© Фото / пресс-служба ЖК КР"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев
Ата Мекен партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев - Sputnik Кыргызстан
1/4
"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев
© Sputnik / Табылды КадырбековЖК депутат Бакыт Төрөбаев
ЖК депутат Бакыт Төрөбаев - Sputnik Кыргызстан
2/4
ЖК депутат Бакыт Төрөбаев
© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Алмазбек Баатырбеков
Депутат Алмазбек Баатырбеков - Sputnik Кыргызстан
3/4
Депутат Алмазбек Баатырбеков
© Sputnik / Табылды КадырбековЖК депутаты Иса Өмүркулов
ЖК депутаты Иса Өмүркулов - Sputnik Кыргызстан
4/4
ЖК депутаты Иса Өмүркулов
1/4
"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев
2/4
ЖК депутат Бакыт Төрөбаев
3/4
Депутат Алмазбек Баатырбеков
4/4
ЖК депутаты Иса Өмүркулов

Өмүрбек Бабанов ("Республика — Ата-Журт") былтыр 1 миллион сом айлык алып, өзүнүн пайыздык салымдарынан 6,1 миллион сом иштеп тапкан. "Кыргызстан" фркциясынын башчысы Алмазбек Баатырбеков 1,3 миллион сом алган. Анын ичинен 500 миңи продукция сатуудан түшкөн. Ал кандай продукция экенин так көрсөткөн эмес.

КСДПнын лидери Иса Өмүркулов былтыр 944 миң сом иштеп тапса, мал сатуудан 4,2 миллион сом пайда көргөн. Төрөбаевдин болсо ар бири 180 чарчы метр болгон эки үйү бар. Сулаймановдун 120 чарчы метрлик батири менен 15 соток жерге ээлик кылат. Ал эми Өмүркуловдун тогуз участогу менен сарайы бар.

Темир тулпар

Алты фракция лидеринин ичинен бир гана Сулайманов 2014-жылы чыккан Mercedes-Benz автоунаасын минип жүрөт.

Үй-бүлө бул кичинекей мамлекет

Бийлик өкүлдөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Президент, төрага, премьер-министрдин байлыгы канча? Декларация
Бабановдун жакын тууганы 41 миллион сом иштеп тапкан, андан сырткары батир менен 2012-жылы чыккан Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү автоунаа айдап жүрөт. Ал эми Баатырбековдун жакын тууганы да батирге ээлик кылат жана Lexus RX 300 үлгүсүндөгү машинасы бар. Иса Өмүркуловдун тууганы былтыр 354 миң сом тапкан. Бул кирешени ал ишкердик менен алектенип, автоунаа сатуудан тапкан. Андан сырткары батири, эки үйү, сарайы, киши жашабай турган эки жайы, жер тилкеси жана үч автоунаага ээлик кылат. Алардын бирөө жүк ташуучу машина.

Төрөбаевдин тууганы 2016-жылы 27,2 миллион сом тапса, анын дээрлик бардыгы дивиденддерден түшкөн. ошондой эле жер тилкеси менен үйгө ээлик кылат. Текебаевдин тууганы болсо ишкердик менен алектенип 4,4 миллион сом тапкан. Андан сырткары эки батири менен жер тилкеси, автоунаа токтотуучу жер менен киши жашабаган үйү бар. Сулайманов болсо жакын туугандарынын кирешелери тууралуу маалымат берген эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0