АКШнын Россияга болгон жаңы санкцияларына Европа биримдиги каршы чыгууда

© Sputnik / Владимир Сергеев / Медиабанкка өтүүРоссиянын жана европа биримдигинин желектери. Архив
Россиянын жана европа биримдигинин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Европа комиссиясынын төрагасы эгер АКШ Россияга каршы жаңы санкцияларды күчүнө киргизсе, Америкага карата тез арада чара көрүлөрүн жарыялады.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Еврокомиссия АКШнын Россияга болгон жаңы санкциялары Европа биримдигинин (ЕБ) энергетикалык коопсуздугуна залака тийгизсе тез арада чара көрүүгө даяр. Бул тууралуу BBC агенттиги комиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкерге шилтеме берип жазып чыкты.

Юнкердин айтымында, АКШнын кызыкчылыгы Европанын энергетикалык коопсуздугунан жогору турбашы керек. Ал билдиргендей АКШда жактырылган мыйзам долбоор Европа биримдигине энергетика багытында залакасын тийгизүүсү мүмкүн.

Басылмадагы маалымат боюнча ЕБ Американын жаңы санкциялары Россиянын газын Украина аркылуу Европага жеткирүү боюнча долбоордун ишке ашуусуна жолтоо болот деп эсептейт.

"Буга байланыштуу эгер биздин кызыкчылыктар эске алынбай турган болсо, бир нече күндүн ичинде АКШга карата тиешелүү чара көрүү чечимин комиссия кабыл алды", — деп билдирүүдө айтылат.

Кандай чаралар болушу мүмкүн экени текстте ачык айтылган эмес. Ошол эле учурда Россияны Минск келишимдерин аткартуу үчүн кабыл алынган буга чейинки санкциялар күчүндө калары белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0