Талапкерлердин шайлоо фондуларына канча акча түшүп, канчасы короду

Жазылуу
Ар бир талапкер үгүт иштерин жүргүзүү үчүн шайлоо фондун түзүшү керек. Анын көлөмүнө чектөө коюлган эмес.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкерлигин көрсөткөндөрдүн 24-июлга карата шайлоо фондусу тууралуу маалыматты жарыялады.

Учурда БШКда президент болом дегендердин саны 40ка жетти. Алардын 16сы шайлоо фондусун ачкан.

Лидер политической партии Ата-Мекен Омурбек Текебаев - Sputnik Кыргызстан
БШК: Текебаевдин кыргыз тилинен экзамен берер-бербесин сот чечет
Шайлоо фондусу үчүн ачылган эсептерге жалпысынан 64,9 миллион түшкөн. Эң аз каражат Замира Муратбекова менен Нусрет-оглы Мамедовго чогулган. Алардын эсебинде болгону 391 жана 520 сом гана бар. Он талапкердин эсебинде миң сомдон көп каражат түшкөн. Миллиондоп акча түшкөндөр азырынча төртөө гана. Алар: Өмүрбек Бабанов (15 миллион), Арсланбек Малиев (4,26 миллион), Темир Сариев менен Сооронбай Жээнбеков (3 миллион сомдон).

Талапкерлердин ичинен Муратбекова, Мамедов жана Сагынбек Абдрахмановдон (анын эсебинде 40 миң сом бар) башкасы аз-аздан түшкөн каражаттарды аз-аздан корото баштады. Эң көп каражатты Бабанов сарптаган. Анын эсебиндеги акча 13 миллион 918 миң сомго азайган. Экинчи орунда 1 миллион 224 миң короткон Темир Сариев турат.

Ар бир талапкер үгүт иштерин жүргүзүү үчүн шайлоо фондун түзүшү керек. Анын көлөмүнө чектөө коюлган эмес.

  • Шайлоо фондуна кайсы булактардын эсебинен түзүлөт:
  • Талапкердин жеке каражаты — 15 миллион сомдон көп эмес;
  • Талапкерге партия тарабынан бөлүнгөн каражат — 50 миллион сомдон көп эмес;
  • Жеке талаптардын ыктыярдуу салымы. Ар бириники 50 миллион сомдон ашпашы керек;
  • Юридикалык жактардын ыктыярдуу салымы. Ар бириники 50 миллион сомдон ашпашы керек.
Жаңылыктар түрмөгү
0