Жогорку Кеңеш августтун аягында чогулуп, жаңы өкмөт башчыны шайлайт

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүПарламент Киргизии
Парламент Киргизии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттикке КСДПдан талапкер болгон Сооронбай Жээнбеков каттоодон өткөндөн кийин премьер-министрлик кызматтан кетүү чечимин кабыл алган

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. КСДП фракциясынын демилгеси менен августтун экинчи жарымында Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтө турганын депутат Марат Аманкулов билдирди.

Ал президенттикке КСДПдан талапкер болгон Сооронбай Жээнбеков каттоодон өткөндөн кийин премьер-министрлик кызматтан кетүү чечимин кабыл алганын белгиледи.

"Өкмөт башчылыкка жаңы талапкер көрсөтүү муктаждыгы жаралат. Коалиция жыйын өткөрүп, талапкер көрсөтөт. Андан кийин Жогорку Кеңеш өз жыйыны менен аны бекитип бериши кажет. Процедураларга кетчү убакытты эске алганда кезексиз жыйын августтун экинчи жарымына туура келет", — деди Аманкулов фракция лидери Иса Өмүркуловдун сөзүнө таянуу менен.

Депутат азырынча жаңы өкмөт башчы ким болору белгисиз экенин, баары кеп-кеңештен кийин чечилерин айтты. Ал күн тартибинде коалицияны кайра түзүү жана жаңы төрага шайлоо маселеси жок экенин кошумчалады.

Эскерте кетсек, июль жана август айлары парламенттик каникул маалы болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0