Спикер Чыныбай Турсунбековдун архивдик сүрөтү

Чыныбай Турсунбеков президенттик шайлоодон эмнеге баш тартканын түшүндүрдү

1029
(жаңыланган 15:00 31.07.2017)
Буга чейин Турсунбеков 15-июлда өткөн КСДПнын съездинде президенттик шайлоого катышууга ниети бар экенин айткан

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков президенттик шайлоого барбай турганын журналисттерге билдирди.

Ал мындай чечимди көптөгөн саясый серепчилер жана кеңешчилер менен сүйлөшкөндөн кийин кабыл алган.

"Президенттик шайлоого барсам көпчүлүктүн шайын оодарып, маселе жаратарымды жакшы түшүндүм. Менин кызматым өлкөнүн туруктуулугу үчүн маанилүү экенин билип, өз ишмердигимди уланта берүүнү чечтим, — деди ал.

Турсунбеков өз сөзүндө саясий күчтөрдүн консолидациясына ишенерин баса белгиледи.

Ал ошондой эле президенттикке баруу ниети жер-жерлердеги тарапташтарынын сунушунан улам болгонун кошумчалады.

Эске салсак, Турсунбеков 15-июлда өткөн КСДПнын съездинде президенттик шайлоого катышууга ниети бар экенин айткан.

Борбордук шайлоо комиссиясынын 30-июлга карата берген маалыматына ылайык, президенттикке талапкерлигин көрсөткөндөрдүн саны 52 кишиге жетти.

Алар: Адахан Мадумаров, Азимбек Бекназаров, Анвар Сартаев, Арсланбек Малиев, Арстанбек Абдылдаев, Бакыт Дегенбаев, Бакыт Төрөбаев, Дамира Токтосунова, Замира Муратбекова, Игорь Трофимов, Камилла Шаршекеева, Кубан Чороев, Куттубек Бешбаков, Максатбек Жумабеков, Марта Кыдыралиева, Мирлан Шерикула уулу, Мукар Чолпонбаев, Назарбек Нышанов, Нусрет-Оглы Мамедов, Өмүрбек БабановӨмүрбек ТекебаевРита Карасартова, Руслан Жунусов, Садыр Жапаров, Сагынбек Абдрахманов, Сайнидин Султанидинов, Санжарбек Энназаров, Сооронбай Жээнбеков, Таалат Масадыков, Темир Сариев, Токтобүбү Таласбаева, Токтайым Үмөталиева, Турсунбай Бакир уулу, Турсунбек Акун, Алмазбек Каримов, Улукбек Кочкоров, Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев, Исхак Масалиев, Калмамат Мактымбаев, Темирбек Асанбеков, Казыбек Шайымбетов, Канат Исаев, Турат Акимов, Муканбай Айманбаев, Эрнис Зарлыков, Темиркул Өмүралиев, Акбаралы Айтикеев, Талгатбек Кожогулов, Полотбек Кенжекулов, Акылбек Мансуров жана Марат Иманкулов.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.

1029
Белгилер:
президенттик шайлоо, Чыныбай Турсунбеков
Тема:
Кыргызстандагы президенттик шайлоо - 2017 (257)
Тема боюнча
Жүндүбаев: Жалал-Абад шаардык кеңешинде кворум жок төрага шайланбай жатат
Сариев: ЖКда үстөмдүк кылган партия шайлоодо жардам берчү премьерди алып келет
Жогорку Кеңеш августтун аягында чогулуп, жаңы өкмөт башчыны шайлайт