Спикер Чыныбай Турсунбековдун жыйында

Турсунбеков президент менен жолугуп кайсы маселелерди талкуулаганын айтты

281
(жаңыланган 15:38 31.07.2017)
Жогорку Кеңештин төрагасы айрым ЖМКларга чыккан маалыматтарды төгүндөдү

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Чыныбай Турсунбеков ал тууралуу айтылып жаткан имиш кептер боюнча түшүндүрмө берип, президентке кызматын сактап калуу же башка кызмат сурап барбаганын журналисттерге билдирди.

"Айрым ЖМКлар мен тууралуу түрдүү пикирлерди жазып жатышат. Кызматыма байланыштуу президентке барып сүйлөшүп, аны сактап калайын деген эмесмин. Туугандарыма да кызмат сурап кайрылган эмесмин. Өлкө башчы менен биз өлкөдөгү маанилүү делген маселелер, Жогорку Кеңештин чукул жыйыны тууралуу сүйлөштүк", — деди ал.

Турсунбеков ошондой эле журналисттердин төрагалыктан түшүп калам деп коркпойсузбу деген суроосуна "анын бардыгы мыйзам чегинде чечилет" деди.

Ошондой эле партиядан кодулап чыгарып коё турган болсо кандай кыласыз деген суроого "тарапташтарым менен алдыга кадам салууга убакыт да, күч да бар" деп жооп берди.

281
Белгилер:
саясат, Чыныбай Турсунбеков
Тема боюнча
Чыныбай Турсунбеков президенттик шайлоодон эмнеге баш тартканын түшүндүрдү
Жаңы чыккан унаалар, белекке берилген миллиондор. Депутаттардын эмне мүлкү бар
Атамбаев Чыныбай Турсунбековдун президенттик дымагы тууралуу айтты