Президентикке аттанам дегендер 59 болду. БШК документтерди кабыл алууну токтотту

© AFP / MAXIM MARMUR Шайлоого даярдык. Архив
Шайлоого даярдык. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ажолукка аттанам деген 59-талапкер Борбордук шайлоо комиссиясына кечээ саат 23.45те келди

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия (БШК) 31-августта Кыргызстанга президент болом деген талапкерлерден арыз кабыл алууну токтотту.

Спикер Жогорку Кенеша Чыныбай Турсунбеков - Sputnik Кыргызстан
Чыныбай Турсунбеков президенттик шайлоодон эмнеге баш тартканын түшүндүрдү
Акыркы 59-талапкер делип 52 жаштагы адвокат Марат Мергенов катталды. Анын документтерин БШК саат 23.45те алып, каттады.

Ошентип азыр өлкө башчы болууга талапкерлигин көрсөткөндөрдүн саны 59га жетти. 2017-жылдагы президенттик шайлоого катышам деп БШКга арыз бергендер төмөнкү жарандар болду.

Адахан Мадумаров, Азимбек Бекназаров, Анвар Сартаев, Арсланбек Малиев, Арстанбек Абдылдаев, Бакыт Дегенбаев, Бакыт Төрөбаев, Дамира Токтосунова, Замира Муратбекова, Игорь Трофимов, Камилла Шаршекеева, Кубан Чороев, Куттубек Бешбаков, Максатбек Жумабеков, Марта Кыдыралиева, Мирлан Шерикула уулу, Мукар Чолпонбаев, Назарбек Нышанов, Нусрет-Оглы Мамедов, Өмүрбек Бабанов, Өмүрбек Текебаев, Рита Карасартова, Руслан Жунусов, Садыр Жапаров, Сагынбек Абдрахманов, Сайнидин Султанидинов, Санжарбек Энназаров, Сооронбай Жээнбеков, Таалат Масадыков, Темир Сариев, Токтобүбү Таласбаева, Токтайым Үмөталиева, Турсунбай Бакир уулу, Турсунбек Акун, Алмазбек Каримов, Улукбек Кочкоров, Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев, Исхак Масалиев, Калмамат Мактымбаев, Темирбек Асанбеков, Казыбек Шайымбетов, Канат Исаев, Турат Акимов, Муканбай Айманбаев, Эрнис Зарлыков, Темиркул Өмүралиев, Акбаралы Айтикеев, Талгатбек Кожогулов, Полотбек Кенжекулов, Акылбек Мансуров, Марат Иманкулов, Өмүрбек Бөлтүрүков, Камил Токтобаев, Роман Ремнев, Аскарбек Абышев, Советбек Абыкулов, Бакыт Керимбеков жана Марат Мергенов.

2011-жылдагы президенттик шайлоого 86 талапкер катышам деп арыз берип, алардын ичинен Алмазбек Атамбаев ажо болуп шайланган. Ал эми 2017-жылдагы президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0