Өзбекстандын премьер-министри Кыргызстанга иш сапары менен келет

© Sputnik / Дмитрий Астахов / Медиабанкка өтүүПремьер-министр РФ Д. Медведев встретился с премьер-министром Узбекистана
Премьер-министр РФ Д. Медведев встретился с премьер-министром Узбекистана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анда өкмөт башчылар эки тараптуу кызматташуу жана кыргыз-өзбек чек арасын делимитация жана демаркациялоо маселелерин талкуулашат

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга иш сапары менен келет. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, коңшу өлкөнүн өкмөт башчысы Арипов 15-17-августта Чолпон-Ата шаарында өтө турган өкмөт аралык комиссиянын кезектеги отурумуна катышуу үчүн келет.

Буга чейин Жээнбеков өзбекстандык кесиптеши менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Өкмөт башчылар эки тараптуу кызматташуу менен кыргыз-өзбек чек арасы боюнча өкмөт аралык делимитация жана демаркация боюнча комиссиясынын кезектеги отурумуна даярдык көрүүнү талкуулашкан.

"Биз Кыргызстанда Өзбекстандан келе турган делегацияны тосууга куштарбыз", — деп баса белгилеген сүйлөшүү маалында Жээнбеков.

Өз кезегинде Арипов ушул жылдын октябрь айында Өзбекстан Кыргызстанда маданият күндөрүн өткөрүүгө даяр экендигин тастыктап, 3-августа Ысык-Көл облусунда жол кырсыгына кабылган Өзбекстан жарандарына өз убагында жардам берилгендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0