Жээнбеков премьер-министрликтен кетти. Атамбаев анын отставкасын кабыл алды

Жазылуу
Атамбаев Жээнбековду кабыл алды

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев өкмөт башчылыктан кетип жаткан Сооронбай Жээнбековдун отставкасын кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Премьер-министр КР Сооронбай Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
Радио
Жээнбеков: жеңишке ишенбесем шайлоого барбайт элем
Буга чейин Атамбаев БШК Жээнбековдун талапкерлигин каттагандан кийин, премьерлик кызматын тапшырарын айткан.

Жээнбеков аны КСДП партиясы президенттикке көрсөтүп жана БШКдан талапкер катары расмий катталгандан кийин отставкага кетүү чечимин кабыл алганын маалымдады.

Эске сала кетсек, президенттик шайлоо 2017-жылдын 15-октябрында өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0