Атамбаев өкмөттү отставкага кетирди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидант Алмазбек Атамбаев жана премьер-министр Сооронбай Жээнбеков. Архив
Президант Алмазбек Атамбаев жана премьер-министр Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттин Жарлыгына ылайык, буга чейин вице-премьерлик жана министрлик кызматтарды аркалагандар өкмөт мүчөсүнүн милдетин аткаруучу болуп калат.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев "Премьер-министр жана өкмөттүн отставкасы жөнүндөгү" Жарлыкка кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Премьер-министр КР Сооронбай Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
Радио
Жээнбеков: жеңишке ишенбесем шайлоого барбайт элем
Эскерте кетсек, алдыдагы президенттик шайлоого аттанган өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков талапкер катары расмий каттоодон өтүп, кызматтан кетүү боюнча арыз жазган.

Президенттин Жарлыгына ылайык, буга чейин вице-премьерлик жана министрлик кызматтарды аркалагандар өкмөт мүчөсүнүн милдетин аткаруучу болуп калмакчы.

Жарлык кол коюлгандан тарта күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0