Сапар Исаковду кайсы депутат санаага салды

© Фото / пресс-служба ЖК КРКандидат на пост премьер-министра Сапар Исаков
Кандидат на пост премьер-министра Сапар Исаков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министрликке талапкер болуп жаткан Исаков депутаттарга өзүнүн программасын тартуулады

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. "Бир Бол" фракциясынын депутаты Мыктыбек Абдылдаев конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйынында премьерликке талапкер Сапар Исаковдун программасын сынга алды.

Депутат өкмөт мүчөлүккө сунушталган айрымдардын жашына эмес, эл өкүлдөрүнө сунушталган программаны карап чыгуу керектигин айтты.

"Менин түшүнгөнүмө караганда программаны президенттин аппараты даярдап, аны өкмөткө сунуштаган. Ал өтө чала. Силер жашсыңар. Биз жаш кезде программадагы ар бир сунуш сандар менен бекилчү, учурунда биз биринчи сан менен иштечүбүз. Силер азыр чала программаны сунуштап жатасыңар", — деди ал.

Абдылдаев Исаковго "эч качан реформатормун деп айтпаңыз" деп кеңеш берди.

"Сиз жөн гана иштешиңиз керек", — деди депутат.

Исаков өз сөзүндө Абдылдаевди сыйлай турганын билдирип, ал маселенин өзөгүн айтарын баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0