Сапар Исаков премьер-министр болуп дайындалды

© Фото / пресс-служба ЖК КРВыборы нового премьера и кабмина
Выборы нового премьера и кабмина - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы өкмөт мүчөлөрү 25-августта Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында бекитилген

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев өкмөттүн курамын дайындоо боюнча бир катар жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат казматы кабарлады.

Руководитель пресс-службы главы государства Алмаз Усенов - Sputnik Кыргызстан
Президенттин аппаратын Алмазбек Усенов жетектемей болду
Бидирүүгө ылайык, 26-августта президент алты жарлыкка кол койду. Анын ичинде Сапар Исаковду премьер-министр кылып дайындоо боюнча жарлык бар. Андан сырткары, беш жарлыктын негизинде төрт вице-премьер жана калган өкмөт мүчөлөрү бекитилди.

Эске сала кетсек, 25-августта Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынын өткөрүп, жаңы өкмөттүн курамы жактырылган.

Өкмөттүн жаңы курамы менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан тааныша аласыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0