Исаков: "Кыргызтелеком" жетекчилигинин жоопкерчилигин караш керек

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр КР Сапар Исаков принял председателя Фонда по управлению государственными имуществом при ПКР Болсунбека Казакова
Премьер-министр КР Сапар Исаков принял председателя Фонда по управлению государственными имуществом при ПКР Болсунбека Казакова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы телекоммуникация тармагы жакшырмайын "Таза коом" долбоорун ишке ашыруу оор болорун белгиледи

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков "Кыргызтелеком" ишканасынын директорлор кеңешинин курамын кайра карап чыгуу тапшырмасын бергенин өкмөттөн билдиришти.

Өкмөт башчы мындай пикирин 4-сентябрь күнү Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Болсунбек Казаков менен жолукканда айткан.

"Кыргызтелекомдун" чарбалык жана финансылык ишмердүүлүгү бүгүнкү күнгө чейин ачык болбой келет. Коррупциялык факторлорду жоюу ишке ашпай жатат. Буга байланыштуу тез аранын ичинде директорлор курамын кайра карап чыгуу керек. Ошондой эле эл сапаттуу интернет менен камсыздалбаганы үчүн "Кыргызтелекомдун" жетекчилигинин жоопкерчилигин дагы караш керек", — деп өкмөт башчы белгилеген.

Ал ошондой эле компаниянын жетекчилигине жогорку билимдүү адистерди тартуу тапшырмасын берип, телекоммуникация тармагы жакшырмайын "Таза коом" долбоорун ишке ашыруу оор болорун кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0