Президенттик шайлоого расмий түрдө 13 талапкер катышууда

© Sputnik / Табылды КадырбековДобуш берип жаткан жарандар. Архив
Добуш берип жаткан жарандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент болом деп ниетин билдиргендердин саны 59га жеткен. Бирок алардын айрымдары шайлоо боюнча талаптарды аткарбай өтпөй калса, кээси өздөрү арызын чакыртып алган

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Ишемби күнү президенттикке талапкерлерди каттоо аяктап, борбордук шайлоо комиссиясы жалпысынан 13 талапкерди каттады. Бул тууралуу БШКдан Sputnik Кыргызстан агенттигине билдиришти.

Биометрикалык маалыматтарды чогултуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шайлоочулар биометрикалык маалыматын 30-сентябрга чейин тапшыра алат
Белгилей кетсек, президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Мыйзам боюнча 10-сентябрга чейин каттоо аяктап, андан кийин үгүт иштери расмий түрдө башталды.

Президент болом деп ниетин билдиргендердин саны 59га жеткен. Бирок алардын айрымдары шайлоо боюнча талаптарды аткарбай өтпөй калса, кээси өздөрү арызын чакыртып алган. Расмий түрдө талапкер катары катталуу үчүн 30 миң сом кол топтоп, 1 миллион сом өлчөмүндө шайлоо күрөөсүн коюшу керек болчу. Ошондой эле кыргыз тилинен тест тапшыруу милдеттүү.

Президенттикке талапкер катары расмий түрдө катталгандар:

  1. Темир Сариев
  2. Өмүрбек Бабанов
  3. Сооронбай Жээнбеков
  4. Бакыт Төрөбаев
  5. Эрнис Зарлыков
  6. Адахан Мадумаров
  7. Азимбек Бекназаров
  8. Арстанбек Абдылдаев
  9. Таалатбек Масадыков
  10. Улукбек Кочкоров
  11. Токтоайым Үмөталиева
  12. Арсланбек Малиев
  13. Камчыбек Ташиев.
Жаңылыктар түрмөгү
0