ЖК комитети Улуттук банктын төрагалыгына Кулматовдун талапкерлигин колдоду

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук банктын төрагалыгына дайындалган Кубанычбек Кулматовдун архивдик сүрөтү
Улуттук банктын төрагалыгына дайындалган Кубанычбек Кулматовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кубанычбек Кулматов депутаттарга Улуттук банктын ишинде кескин өзгөртүүлөрдү жасабай турганын билдирди

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети Улуттук банктын төрагалыгына Кубанычбек Кулматовдун талапкерлигин колдоду. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.

Комитеттин мүчөлөрү Кулматов кандай өзгөртүүлөрдү киргизерине кызыгышкан. Талапкер өз учурунда кадрдык курам кескин өзгөрбөй турганын билдирген.

"Улуттук банк консервативдик орган. Учурда анда натыйжалуу иштер аткарылып жатат. Буга байланыштуу кескин өзгөртүүлөрдү киргизбейм", — деди Кулматов.

Буга чейин Улуттук банкты Толкунбек Абдыгулов жетектеген. Август айында ал биринчи вице-премьер болуп дайындалды.

Ал эми Кулматов Бишкек шаарынын мэри болуп, андан кийин Орус-кыргыз өнүктүрүү фондун жетектеп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0