Президент Алмазбек Атамбаев принял директора Антикоррупционной службы ГКНБ Боконбая Казакова

Башкы прокурордун орун басарлары алмашты

207
(жаңыланган 09:54 15.09.2017)
Башкы прокурордун биринчи орун басары Кылычбек Токтогулов өз арызы менен кызматтан алынды

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Алмазбек Атамбаев башкы прокурордун орун басарларынын орундарын алмаштырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, башкы прокурордун биринчи орун басары Кылычбек Токтогулов өзү берген арыздын негизинде кызматынан бошотулду.

Анын ордуна президенттин буйругу менен буга чейин башкы прокурордун орун басары болуп келген Бөкөнбай Казаков дайындалды.

Ал эми аскер прокурору (башкы прокурордун орун басарынын рангында) башкы прокурордун орун басары болду.

207
Белгилер:
кызмат, Башкы прокуратура, Алмазбек Атамбаев
Тема боюнча
Сапар Исаков өзүнө эки кеңешчи дайындады. Алардын бири 26 жашта