Шаардык сот Садыр Жапаровду камакта калтырды

© Sputnik / Расул УсеналиевСуд над политиком Садыром Жапаровым
Суд над политиком Садыром Жапаровым - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жапаров 2013-жылы октябрда болгон митинг учурунда Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштурууга тиешеси бар деп күнөөлөндү

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Бишкек шаардык соту Садыр Жапаровду камакта калтыруу боюнча чечим чыгарды.

Эске сала кетсек, мурдагы депутат 2013-жылы октябрда болгон митинг учурунда Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштурууга тиешеси бар деп 11 жыл алты айга кесилген.

"Садыр Жапаров 2013-жылы саясий абалды курчутуп, Ысык-Көл облусунда митингди уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Ошондуктан Бишкек шаардык сот Биринчи май райондук сотунун чечимин өзгөртүүсүз күчүндө калтырды", — деди сотко төрайымдык кылган Жаңыл Мамбеталы.

Жогорку Кеңештин экс-төрагалары Өмүрбек Текебаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
БШК Текебаев менен Келдибековду шайлоодон четтетти
УКМК Садыр Жапаровду 2017-жылы 25-мартта чет өлкөдөн Кыргызстанга киргенде камакка алган. Экс-депутат Кылмыш жаза кодексинин 30, 113, 227, 341 жана 234-беренелери (Барымтага алуу, бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү, өлтүрөм деп коркутуу, бейбаштык) боюнча айыпталган.

Биринчи Май сотунун чечими менен ал №1 тергөө абагына эки айга камакка алынган. Ал жактан Жапаровдун колунун кан тамырлары кесилип, 2-апрелде ооруканага түшкөн. Ал эми 13-апрелде №47 түзөтүү колониясынын ооруканасында жаткан экс-депутат Жапаров кайрадан №1 тергөө абагына которулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0