Liglass Trading CZ, SRO компаниясы аларга карата сын айткандарды сотко берет

© AFP / DAMIEN MEYER Сот. Архив
Сот. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чех компаниясы Кыргызстанда ГЭСтерди куруу боюнча тендерди утуп алган. Бирок компаниянын ишмердиги тууралуу бир катар сын макалалар жарыяланган.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Liglass Trading CZ, SRO компаниясынын дарегине айтылган сын жана айыптоолор боюнча алар сотко кайрылат. Бул тууралуу компаниянын башкы директору Михаэль Смелик Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.

Чех компаниясы Кыргызстанда ГЭСтерди куруу боюнча тендерди утуп алган. Алар 19-сентябрга чейин "Русгидрого" болгон 37 миллион доллар карызды төлөө милдетин алган.

"Биз баштаган бардык долбоорду ишке ашырып, аларды аягына чыгаргыбыз келет. Иш токтоп калган жок, биздин адистер иштеп жатат", — деди Смелик.

Подписаны соглашения о строительстве и вводу в эксплуатацию Верхне-Нарынского каскада ГЭС - Sputnik Кыргызстан
ГЭС курчу Liglass компаниясы 37 млн. долларды качан төлөрүн айткан жок
Анын айтымында, 11-июлда келишимге кол коюлгандан кийин ага, үй-бүлөсүнө карата көптөгөн сын макала, интервьюлар жарыяланган. Андай пикирлерди аткандардын арасында Эдил Байсалов, Феликс Кулов жана Темир Сариев баштаган саясатчылар бар. Айыптоолордун арасында акчаларды чыгарып кетүү тууралуу да сөз болгон.

Смелик тендер бардык эрежелер менен өткөнүн, комиссиянын курамында 40 киши болгонун баса белгиледи.

"Аялымды жана төрт баламды журналисттер түндө дагы артынан сая түшүп сүрөткө тартышып, алар дароо социалдык тармактарга чыгып жатат. Эмне үчүн? Биз инвестиция алып келип, ГЭС кура турганыбыз үчүнбү", — деди ал.

Компаниянын башчысы ошондой эле эл аралык Barclays банкы алардын ишканасынын тегерегинде болуп жаткан "медиачабуулдан" улам чехиялык өнөктөш компаниялар менен кызматташуудан баш тартканын айтты.

"Менин жана компаниянын Unikredit банкында кыркка жакын эсеби бар. Эми алар азыр атайын режимде каралып жатат. Телефонго бирдик салуу үчүн 50 доллар төлөй албай калдым, себеби эсеп комиссиянын кароосунда", — деди Смелик.

Ал, андан сырткары, учурда юристтер келтирилген моралдык жана материалдык чыгымды өндүрүп алуу үчүн сотко кайрыларын баса белгиледи. Кимди сотко берерин ал так айткан жок, бирок арасында Байсаловдун аты аталды.

Выставочный стенд компании ПАО РусГидро. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Русгидро" Жогорку Нарын каскады боюнча Кыргызстанды сотко берүүгө даяр
Liglass Trading CZ, SRO компаниясынын Орто Азия боюнча долбоорлорунун директору Иржи Войтеховски банктагы 40 эсеп азыр тоңдурулганын, бирок анын таасири Кырызстандагы долбоорлорду каржылоого кедергисин тийгизбей турганын айтты.

Кыргыз өкмөтү 2017-жылдын 10-июлунда Чехиянын Liglass Trading CZ, SRO компаниясы менен Жогорку Нарын каскадына жана чакан ГЭСтерди куруу боюнча келишим түзгөн. Инвестор өз ыктыяры менен Кыргызстандын "Русгидро" ишканасына болгон 37 миллион карызын төлөп берүү милдетин алган.

Liglass Trading ишканасынын ишмердиги тууралуу Кыргызстандын жана Чехиянын бир катар ЖМКлары сын макалаларды жазган.

Жаңылыктар түрмөгү
0