Президенттикке талапкерлер 227 млн. сом сарпташты

Жазылуу
Талапкерди колдогусу келген жеке жана юридикалык жактар шайлоо фондусуна каражат которо алышат

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. 18-сентябрга карата чыккан маалыматка ылайык президенттикке талапкерлер шайлоо фондусунан 227 миллион сом сарпташты. Бул тууралуу Боршайкомдон билдиришти.

Шайлоо фондусуна жалпысынан 283,3 миллион сом түшкөн, анын 226,9 миллиону сарпталды. Ошентип фонддо 56,4 миллион сом калды.

Белгилей кетсек, дээрлик бардык талапкерлер миллиондон ашык сом коротушту. Жети талапкер 1 миллиондон 2 миллионго чейин сарптаган болсо, дагы эки талапкер өз фондуларынан 2ден 5 миллион сомго чейин сарпташкан. Калган төрт талапкердин чыгымы 10 миллиондон көп экени айтылды. Алардын биринин чыгымы 100 миллион сомдон ашкан.

Президенттикке талапкерлердин шайлоо фондундагы каражаттын сарпталышынын отчету
Отчет о движении денежных средств из избирательных фондов кандидатов на должность президента КР - Sputnik Кыргызстан
Президенттикке талапкерлердин шайлоо фондундагы каражаттын сарпталышынын отчету

Ар бир талапкер шайлоо алдындагы кампанияны каржылоо үчүн фонд түзүшү керек. Ал төмөнкү булактардан каржылануусу шарт:

  • Талапкердин өз каражаты — 15 миллиондон ашпашы керек;
  • Саясий партия тарабынан берилген каражат — 50 миллионго чейин;
  • Ыктыярчы жеке жактардын ар бири 50 миллион сомдон ашпаган каражат которо алат;
  • Ыктыярчы юридикалык жактардын ар биринин каржылоосу 50 миллион сомдон ашпашы керек.
Жаңылыктар түрмөгү
0