БШК: талапкерлер жарыштан четтесе да бюллетенде аты калат

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүВыборы депутатов Госдумы в Санкт-Петербурге
Выборы депутатов Госдумы в Санкт-Петербурге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбордук шайлоо комиссиясы чучу кулактын негизинде 13 талапкердин бюллетенде жайгашуу ордун аныктады.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Эми талапкерлердин бири шайлоого катышпай турганын, же башка талапкер менен кошулганын билдирсе дагы анын аты, фамилиясы бюллетенде кала турганын Боршайкомдун мүчөсү Алмаз Асаналиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы чучу кулактын негизинде 13 талапкердин бюллетенде жайгашуу ордун аныктады.

"Эгерде талапкердин бири талапкерлигин алып койсо, же башка талапкер менен бириксе, биз аларды карап каттоодон алабыз. Тизмеден чыккан ар бир талапкерди биздин аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү бюллетенден чийип чыгат. Биз форманы бекиттик, алардын аттары бюллетенде кала берет", — деди ал.

Белгилей кетсек, Боршайком президенттикке талапкер катары 13 кишини расмий каттоого алган.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Ал эми үгүт иштери 10-сентябрдан тарта расмий түрдө башталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0