ТИМ Назарбаевдин талапкер менен жолугушуусун өлкө ишине кийлигишүү деп баалады

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүПрезидент РФ В. Путин принимает участие в заседании ВЕЭС и сессии Совета коллективной безопасности ОДКБ в Санкт-Петербурге
Президент РФ В. Путин принимает участие в заседании ВЕЭС и сессии Совета коллективной безопасности ОДКБ в Санкт-Петербурге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттикке талапкерлердин бири казак президенти Нурсултан Назарбаев менен жолуккан видеосу социалдык тармактарга жана бир катар ЖМКларга чыккан

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин КРдеги президенттикке талапкерлердин бири менен жолугушуусун өлкөнүн ички саясатына кийгилигишүү катары баалады. Тийиштүү билдирүүнү министрликтин маалымат кызматы таратты.

Белгилей кетсек, президенттикке талапкерлердин бири казак президенти Нурсултан Назарбаев менен жолуккан видеосу социалдык тармактарга жана бир катар ЖМКларга чыккан болчу.

"20-сентябрда Казакстандын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү ыйгарымдуу өкүлү Рымтай Карибжанов 19-сентябрда казак президенти Нурсултан Назарбаевдин президенттикке талапкерлердин бири менен жолугушуусунан улам Тышкы иштер министрлигине чакырылды. Казак тарапка нааразычылык нотасы тапшырылды", — деп айтылат маалыматта.

Нотанын текстинде Тышкы иштер министрлиги казак президенти Назарбаевдин президенттикке талапкерлердин бири менен жолугуп, мамлекет башчы тарабынан колдоо көрсөтүлө турганын айтышына таң калып жатканы белгиленет.

Определения порядковых номеров кандидатов в президенты - Sputnik Кыргызстан
Президенттикке талапкерлердин бюллетендеги катар номери аныкталды
"Коңшу өлкөнүн башчысы Кыргызстандын ички саясатына кийлигишпей турганын айтканы менен, анын сөздөрү мамелкеттин болочоктогу президентине артыкчылык берип жатканын аныктап турат. Ошондуктан кыргыз тарап айтылган сөздөрдү жана жолугушуунун казак тараптан кеңири чагылдырылышын Кыргызстандагы шайлоого таасир берүү жана өлкөнүн ички ишине кийлигишүү катары сыпаттайт", — деп жазылган нотада.

Эске салсак, Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0