Сапар Исаков Зилалиевди зекип шайлоо штабынын жетекчилигинен четтетти

Жазылуу
Маалымат каражаттарында Дүйшөнбек Зилалиевдин президенттик үчүн ат салышып жаткан талапкердин бирине артыкчылык берген сөзү жарыяланган

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиевге эскертүү берип, шайлоо штабынын жетекчилигинен четтетти. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин айрым маалымат каражаттарында Зилалиевдин президенттик үчүн ат салышып жаткан талапкердин бирин колдогон сөзү жарыяланган.

Президенттик шайлоого даярдык көрүү жана аны өткөрүүдө уюштуруу жана техникалык маселелер боюнча шайлоо комиссиясына жардам берүү боюнча республикалык штабдын төрагалык милдетин эми Темир Жумакадыров аткармакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0