Вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиевдин архивдик сүрөтү

Зилалиев талапкерлердин бирин үгүттөдү деген кинеге жооп айтты

260
(жаңыланган 12:31 22.09.2017)
Айрым маалымат каражаттарында Зилалиевдин президенттик үчүн ат салышып жаткан талапкердин бирин колдогон сөзү жарыяланган

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев президенттикке ат салышып жаткан талапкерлердин бирин колдоп жатат деген маалымат боюнча Sputnik Кыргызстан агенттигине пикирин билдирди.

Буга чейин айрым маалымат каражаттарында Зилалиевдин президенттик үчүн ат салышып жаткан талапкердин бирин колдогон сөзү жарыяланган.

Мындан улам премьер-министр Сапар Исаков Зилалиевге эскертүү берип, аны республикалык штабдын жетекчилигинен четтеткен. Анын ордуна төрагалык милдетин эми Темир Жумакадыров аткармакчы.

Зиалиев жогорудагы сөздөрдү айтканын моюндап, бирок эки маселеге токтолду.

"Биринчиден, ал жерде ишенимдүү маек форматында бейрасмий жолугушуу болгон. Аудио мыйзамсыз жазылган десек болот. Экинчиден, сүйлөгөн сөзүмдөн бөлүп алгандыктан мааниси жоголуп кеткен. Муну күбөлөрдөн сурасаңар да тастыктап берет. Мен аны берилген суроолорго жооп берип жатып айткам. Сүйлөп жатып муну үгүт катары сыпаттабагыла деп да бир нече ирет эскерткем. Мен кызматкер катары эмес, жеке өзүмдүн гана пикиримди айттым. Бул өтө маанилүү!" — деди вице-премьер.

Ошондой эле ал сенсация жаратуу ниети менен чектен ашып кеткен учурларга тынчсызданып жатканын кошумчалады. Анын пикиринде бул туура эмес көрүнүш.

260
Белгилер:
пикир, үгүт, Дүйшөнбек Зилалиев
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев. Архив

Руслан Казакбаев Москвада ЖККУнун башкы катчысы менен жолукту

12
(жаңыланган 20:42 22.10.2020)
Руслан Казакбаев бүгүн эки күндүк иш сапары менен Россия Федерациясына кеткен. Анын жүрүшүндө министр россиялык кесиптеши Сергей Лавров жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилери менен жолугушуусу күтүлүүдө.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Бүгүн Москва шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Жамааттык коопсуздук жана кызматташуу уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Станислав Зась менен жолугушту. Бул тууралуу өлкөнүн РФтеги элчилигинен билдиришти.

Алар регионго, ошондой эле дүйнөгө терс таасир этип жаткан маселелер боюнча пикир алышып, ЖККУнун алкагындагы кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.

Казакбаев Кыргызстандагы ички саясий абалдын турукташканы тууралуу кыскача маалымат берип, учурдагы бардык саясий процесстер мыйзам талаасында болуп жатканын айтты.

Ошондой эле тараптар ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин келерки сессиясына даярдык тууралуу кеп кылышты.

Эске салсак, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев бүгүн эки күндүк иш сапары менен Россия Федерациясына кеткен. Анын жүрүшүндө министр россиялык кесиптеши Сергей Лавров жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилери менен жолугушуусу күтүлүүдө.

12
Белгилер:
Станислав Зась, жолугушуу, ТИМ, Руслан Казакбаев, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Өзбекстандын премьер-министри телефон чалып, Садыр Жапаровду куттуктады
Шайлоо учурунда киши добуш берип жатат. Архив

Президенттик шайлоонун мөөнөтү жылдыбы? Түшүндүрмө

211
(жаңыланган 20:23 22.10.2020)
Бүгүн ЖК депутаттары парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу мыйзамын кабыл алды. Ага ылайык, кийинки шайлоо алты айдын аралыгында өтөт.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Президенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу маселеси карала элек, ал учурдагы конституция боюнча январь айында өтөт. Бул тууралуу парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдырууну демилгелеген депутат Акылбек Жапаров билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн ЖК депутаттары парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу мыйзамын кабыл алды. Ага ылайык, кийинки шайлоо 2021-жылдын 1-июнуна чейин уюштурулушу керек.

"Биз бүгүн парламенттик шайлоонун гана мөөнөтүн жылдырдык. Президенттик шайлоо азыркы мыйзамдар боюнча үч айдын аралыгында, 10-январда же ошого жакын датада өтүшү керек. Бирок бүгүн кабыл алган мыйзам менен Конституцияны өзгөртүүгө жол ачылды", — деди Жапаров.

Депутат эгер Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өтө турган болсо, анын датасы президенттик шайлоодон мурун белгилениши керектигин кошумчалады.

Депутаттар кийинки парламенттик шайлоого чейин маяна албай иштей турган болушту

Ал ошондой эле жоопкерчиликти бир адамга берүү максатында алдыда элге парламенттик же президенттик башкарууга өтүү тандоосу коюлушу мүмкүндүгүн айтты.

211
Белгилер:
президенттик шайлоо, референдум, Акылбек Жапаров
Тема боюнча
Жогорку Кеңеш парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу мыйзамын кабыл алды
Шайлоо босогосун азайтуу мыйзам долбоорун ЖК комитети үч окууда жактырды