Атамбаев Меркелди шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Германия канцлери Ангела Меркель менен жолугушуу учурунда. Архив
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Германия канцлери Ангела Меркель менен жолугушуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Кыргызстан Германия менен кызматташууга кызыкдар экенин белгиледи

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Германия канцлери Ангела Меркелди Христан-демократиялык союзу альянсынын шайлоодо жеңишке жетиши менен куттуктады. Бул туурасында өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Меркель башында турган блок жалпы шайлоочулардын 33 пайыз добушуна ээ болуп, бундестагдан 246 орун алды.

"Сиздин жетекчилигиңиз менен Германия өкмөтү өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн бекемдөө жаатында өз ишмердигин уланта берет деп ишенем", — деп жазылат куттуктоо сөзүндө.

Өлкө башчы Кыргызстан Германия менен мындан ары да кызматташууга кызыкдар экенине токтолуп, канцлерге бекем ден соолук жана ийгиликтерди каалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0