Сапар Исаков 29-30-сентябрда Россияга расмий сапары менен барат

Жазылуу
Кыргызстандын өкмөт башчысы россиялык кесиптеши менен жолугат

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков Россияга расмий иш сапары менен барарын өкмөт башчынын маалымат катчысы Чынгыз Эсенгулов билдирди.

Анын айтымында, иш сапар 29-сентябрда башталып, эки күнгө созулат.

"Россияга расмий сапар менен 1991-жылдан бери Кыргызстандын бир да премьер-министри барган эмес", — деди ал.

РИА Новости маалымат агенттигинин билдиришинче Россиянын өкмөт башчысы кыргызстандык кесиптеши менен жолугат. 

Жолугушууда Медведев менен Исаков эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык тармакта байланыштуу маселелерин талкуулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0