Сапар Исаков Москвага эмнеге барат? Программа

Жазылуу
1991-жылдан бери кыргыз премьери биринчи ирет Россияга расмий сапары менен барганы жатат

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Өкмөттүн маалымат кызматы премьер-министр Сапар Исаков Россияга болгон расмий иш сапарында ким менен жолугуп, кайсы жактарга барарын кабарлады.

Иш-сапар 29-30-сентябрь аралыгында ишке ашат. Бул 1991-жылдан бери кыргыз премьеринин Россияга болгон биринчи расмий иш сапары болуп калмакчы. Буга чейинки өкмөт башчылар Россияга жумушчу сапары менен гана барышкан.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев с Өзбекстандын президента Шавкат Мирзиёев менен жолугушуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга болгон иш сапарына кам көрүлө баштады
Исаковду Россиянын ардак кароолу тосуп алат. Ошондой эле Белгисиз жоокердин бейитине гүлчамбар коюлат.

Андан кийин премьер-министр бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Анын ичинде Россиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев жана мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен сүйлөшүүсү пландалууда.

Мындан тышкары, Сапар Исаков "Сколково" инновациялык борборунун иши, Москва шаарынын "Коопсуз шаар" программасы жана ВДНХнын аймагындагы "Кыргызстан" павильону менен таанышып, "Muras Clinic" медициналык борборунун ачылышына катышат.

Муну менен катар өкмөт башчы Россияда жашаган мекендештер жана диаспоралардын жетекчилери менен жолугушат.

Жаңылыктар түрмөгү
0