Депутаттар президенттик шайлоого чейин пленардык жыйын өткөрбөй турган болду

© Sputnik / Табылды КадырбековЖК депутаттары жыйын учурунда. Архив
ЖК депутаттары жыйын учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Комитеттердин жана фракциялардын жыйындары улана берет

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңеш президенттик шайлоого чейин пленардык жыйындарын өткөрбөйт. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, комитеттердин жана фракциялардын жыйындары улана бермекчи. Ал эми шаршемби жана бейшемби күнкү отурумдар шайлоодон кийин өтөт.

Бул кадам депутаттардын региондордо иш алып баруусу үчүн жасалгандыгын маалымат кызматы кошумчалады.

Эскерте кетсек, президенттик шайлоо 15-октябрь күнү өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0