Сапар Исаков Москвага келди. Премьерди коштоп баргандардын тизмеси

© Sputnik / Табылды КадырбековПремьер-министр Сапар Исаковдун архивдик сүрөтү
Премьер-министр Сапар Исаковдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Исаковду Москвада Ардак кароолдун коштоосунда тосуп алышты

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков иш сапары менен Москвага учуп келди. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Эл аралык "Внуково" аба майданында кыргыз өкмөт башчысын РФтин КРдеги элчиси Андрей Крутько баштаган аткаминерлер Ардак кароолдун коштоосунда тосуп алды.

Расмий иш сапардын алкагында Россия өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев, Мамдуманын Федералдык жыйынынын башчысы Вячеслав Володин менен жолукмакчы.

Премьер-министр Кыргызской Республики Сапар Исаков - Sputnik Кыргызстан
Сапар Исаков Москвага эмнеге барат? Программа
Андан сырткары, Кыргызстан делегациясы Белгисиз жоокердин бейитине гүлчамбар коюп, "Сколково" инновациялык борборуна барып, Москва калаасынын "Коопсуз шаар" программасы менен таанышат. Эл чарба жетишкендиктери көргөзмөсүнүн аймагында жайгашкан "Кыргызстан" павильонун көрүп, "Muras Clinic" медицианлык борборунун ачылышына барат.

Өкмөт башчы Исаков Россияда иштеп жана жашап жаткан кыргызстандыктар, Россиядагы кыргыз диаспорасынын жетекчилери менен жолукмакчы.

Бул 1991-жылдан бери кыргыз премьеринин Россияга болгон биринчи расмий иш сапары. Буга чейинки өкмөт башчылар Россияга жумушчу сапар менен гана барышкан.

Кыргыз делегациясынын расмий курамында тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев, Кыргызстандын РФтеги элчиси Болот Отунбаев, экономика министри Артем Новиков, Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Нурбек Абасканов, Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Медетбек Айдаралиев, премьер-министрдин кеңешчиси Талант Султанов, өкмөттүн эл аралык кызматташуу боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Айбек Айдарбеков бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0