Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевдин архивдик сүрөтү

Каныбек Иманалиев акыркы ирет Канат Исаев менен качан, эмне боюнча сүйлөшкөнүн айтты

1674
(жаңыланган 16:07 02.10.2017)
Интернетте депутаттар Канатбек Исаев менен Каныбек Иманалиевдин “төңкөрүш жасоо үчүн” кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө “кайрылганын” талкуулаган криминал өкүдөрүнүн сөзү түшкөн видео тарады

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев Sputnik Кыргызстан агенттигине анын аты аталган видео тууралуу түшүндүрмө берди.

Эскерте кетсек, Абдураим Бакытов аттуу пайладануучу өзүнүн Youtube каналына ЖК депутаты Канат Исаевге байланышкан үч видеотасманы жарыялаган.

Анда криминал өкүлдөрү депутаттар Канатбек Исаев менен Каныбек Иманалиев кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө “шайлоо үчүн эмес, төңкөрүш үчүн” кайрылганын бири-бири менен талкуулаганы чагылдырылган.

“Бул провокация, бир да “кара”, же криминалдын бир да өкүлү менен мен жолуккан эмесмин, жолугуу ниетим да болгон эмес. Канат Исаев менен шайлоо өнөктүгүнө чейин көрүшкөм. Бийликти басып алуу же криминал өкүлдөрүнө акча таратуу тууралуу сөз болгон эмес, болушу мүмкүн да эмес эле. 5-6 күн мурун ал мени бир кафеге чакырган, бир топ адамдар менен отуруптур, аларды айыл өкмөт башчылары деп тааныштырды”, — деди Иманалиев.

Депутат ал адамдар менен баарлашпаганын, андан соң Исаев экөө сүйлөшкөнүн, бирок алардын ортосунда жай гана сөз болгонун, криминал тууралуу да, шайлоо тууралуу да пикир алышпаганын билдирди.

“Бул провокация. Анткени бийлик менен криминалдын аралашуусуна жол бербөө тууралуу парламенттик сессиядан мен айткам. Өмүрүмдө аларды көргөн эмесмин (кылмыштуу топ — ред.), аттарын билбейм, Улан деген бирөөгө чалды деген суу кечпеген сөз. Тергөө амалдары аяктагыча монтаж деп да айткым келбейт”, — деди эл өкүлү.

Сөзүнүн соңунда депутат эгер ал ушундай иш менен алектенсе видеого түшүп калмактыгын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Канат Исаев 30-сентябрь күнү кармалган. Ал Башкы прокуратура тарабынан массалык башаламандык уштурууга жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн деп айыпталып жатат. 

УКМК Исаевден тышкары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү да кармалганын билдирди. Башкы прокуратуранын тараткан маалыматы боюнча Исаев эгер президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов шайлоодо утулуп калса массалык башаламандык уюштуруп, бийликти басып алуу боюнча айрым адамдар менен сүйлөшкөн.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

1674
Белгилер:
криминал, видео, Канатбек Исаев, Каныбек Иманалиев
Тема:
Канат Исаевге карата козголгон кылмыш иши (13)
Тема боюнча
УКМК депутат Канат Исаевди кармады
УКМК Канат Исаевдин кармалышы боюнча түшүндүрмө берди. Видео
Кишинин колунда гүлдөр жана күйүп турган шам. Архив

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жалгап Казакбаев дүйнө салды

70
(жаңыланган 14:51 05.07.2020)
Казакбаев Кара-Балта шаардык, Чүй облустук кеңештерине жана 1995-2000-жылдары Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр палатасына депутат болуп шайланган.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Жалгап Казакбаев узак убакытка созулган оорудан улам 71 жашында каза болду. Бул маалыматты Кара-Балта шаар мэриясы тастыктады.

Маркумду жерге берүү зыйнаты эртең, 6-июлда, Кара-Балта шаарында өтөт.

Канат Исаевдин апасы Асымбүбү Ташыбаева 79 жашында көз жумду

Жалгап Казакбаев 1949-жылы 1-январда Чүй облусунун Панфилов районундагы Тельман айылында туулган. 1972-жылы Фрунзедеги политехникалык университеттин механика факультетин аяктап, "Сетунь" заводунда эмгек жолун баштаган. Кара-Балта тоо-кен комбинатында (КТКК) директор болуп иштеген. Кара-Балта шаардык жана Чүй облустук кеңешине депутат болгон.

1995-2000-жылдары Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр палатасына депутат болуп шайланган.

70
Белгилер:
депутат, жерге берүү, каза болду
Тема боюнча
Ырчы Болот Тасмаев мезгилсиз дүйнөдөн кайтты
Ырчы Канье Уэст. Архив

Ырчы Канье Уэст АКШ президенттигине ат салышарын жар салды

62
(жаңыланган 13:59 05.07.2020)
Ырчы мурда Трамптын активдүү тарапташы катары белгилүү эле, аны менен бир нече ирет жолуккан. Кийинчерээк аны саясый максаттарга колдонушканын билдирген.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Америкалык ырчы Канье Уэст АКШда өтчү президенттик шайлоого катышарын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

"Биз эми Кудайга ишеним артып Американын үмүтүн ишке ашырып, бир максатта келечегибизди түзүшүбүз керек. Мен АКШнын президенттигине ат салышам", — деп жазган Уэст Twitter баракчасына.

Учурда музыканттын  президенттикке талапкерлигин кайсы жылы коеру белгисиз. Бирок ал өз билдирүүсүнө #2020VISION деген хэштег калтырган.

Канье Уэстти Tesla жана SpaceX компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск: "Мен сени толугу менен колдойм",— деп ырчынын билдирүүсүнүн алдына жооп кайтарган.

Бышып калат го... Ким Кардашьяндын костюм кие албай кыйналган видеосу

Уэст мындай пикирин биринчи жолу билдирип жаткан жок. Буга чейин ал 2024-жылдагы шайлоодо президенттикке ат салышарын айткан.

Ырчы мурда Трамптын активдүү тарапташы катары белгилүү эле, аны менен бир нече ирет жолуккан. Кийинчерээк аны саясый максаттарга колдонушканын билдирген.

Канье Уэст — америкалык хип-хоп аткаруучу, рэпер, продюсер, композитор жана дизайнер. Актриса жана фотомодель Ким Кардашьяндын күйөөсү. 1990-жылдардын аягы, 2000-жылдары Jay-Z, Ludacris, "Талиб Квели" жана "Алиша Киз" аталышындагы хит ырлардын жаратуучуларынын бири.

62
Белгилер:
шайлоо, президент, Канье Уэст, Дональд Трамп, АКШ
Тема боюнча
АКШдагы телеканал Кардашьяндын күйөөсү Трампты мактаган жерин эфирден кесип салды
Алтындан жасалган бет кап

4000 долларлык алтын бет кап. COVID-19дан сактанган индиялык кишинин окуясы

0
(жаңыланган 15:17 05.07.2020)
Индиялык жаран ага мындай идея күмүш бет капчан адамды көргөндө келгенин айтты. Алтындан жасалган бат каптын салмагы 2,5 килограмм.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Индиялык Шанкар Кураде күмүш бет капчан кишини көргөндөн кийин коронавирустан коргонуу үчүн баасы 4 миң доллар турган алтын бет кап жасаткан. Бул тууралуу РИА Новостиге өзү айтып берген.

Шанкар Курхейд (48 лет) носит свою маску, сделанную из золота, и позирует для фотографии на фоне распространения коронавирусной болезни (COVID-19) в Пуне, Индия, 4 июля 2020 года
© REUTERS / STRINGER
Өзгөчө жасалганын салмагы 2,5 килограммды түзүп, ал 289 миң рупий (3870 доллар) турат. Бет капта дем алуу үчүн анча чоң эмес тешикчелер бар
"Мага ошондо алтын бет кап тууралуу идея келди. Негизинен алтынды абдан жакшы көрөм, дайыма салмактуу алтын чынжырларды, шакектерди тагынып жүрөм. Алтын бет кап тагынууга эмнеге болбосун деп жергиликтүү зергерге буюртма бердим" , — деди ал.

Өзгөчө жасалганын салмагы 2,5 килограммды түзүп, ал 289 миң рупий (3870 доллар) турат. Бет капта дем алуу үчүн анча чоң эмес тешикчелер бар.

"Эффективдүүлүгү тууралуу айта турган болсок... Биздин билишибизче, бет кап жалгыз өзү коргой албайт, ал үчүн аралыкты сактоо керек. Ошол себептен алтын бет кап менен көчөгө чыкканда мен дагы айтылган социалдык аралыкты сактайм", — деген өзгөчө бет каптын ээси.

Индияда той өткөргөн жигит каза болуп, 100дөн ашык конок COVID жуктурду

Анын айтымында, бет кап жергиликтүү элдин жана ЖМКнын көңүлүн өзүнө бурган. "Алтын бет кап менен көчөгө чыкканда элдин көңүл чордонунда калдым. Менин үй-бүлөмдүн алтынды жакшы көрөрү бул чөлкөмгө белгилүү болсо да алтын бет кап жаңы нерсе болгондуктан элге кызык болду", — деп кошумчалады Кураде.

Индиянын Саламаттык сактоо министрлигинин акыркы маалыматы боюнча, өлкөдө 648 миң адам коронавирус жуктуруп, алардын 400 миңи айыгып, 18 миң адам каза тапкан.

0
Белгилер:
бет кап, алтын, Индия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Индия: кеминде 23 киши чагылган тийип көз жумуп, дагы 29у жаракат алды
Таң калычтуу! Индияда ичи ооруп, дарыгерге кайрылган аял эркек болуп чыкты