УКМК Өмүрбек Бабановдун билдирүүсүнө жооп кайтарды

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезиденттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун архивдик сүрөтү
Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1-октябрда президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов депутат Канат Исаевдин айланасында жаралган ызы-чуу боюнча маалымат жыйын өткөргөн

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун кечээ, 1-октябрда өткөргөн маалымат жыйын учурунда атайын кызматтар жөнүндө айткан кеби чындыкка коошпой турганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.

Маалыматта улуттук коопсуздук органдарга талапкерлердин шайлоо алдындагы рейтинги кызык эмес экени белгиленген.

"Талапкер 1-октябрь күнү өткөргөн маалымат жыйын учурунда "атайын кызматтардын жыйынында" анын рейтинги талкууланганы жөнүндө маалыматы бар экенин жарыялады. Мындай билдирүү чындыкка коошпой тургандыгын айтууну туура көрдүк. Анын өзү дагы, шайлоо алдындагы рейтинги дагы улуттук коопсуздук органдары үчүн кызык эмес", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле талапкердин мындай билдирүүсү бийликти басып алуу үчүн башаламандык жаратуу боюнча тергелип жаткан иштен коомчулуктун көңүлүн буруу үчүн жасалышы мүмкүн экени белгиленген.

"Буга байланыштуу Өмүрбек Бабановго айткан сөздөрүнө далил келтирүүсүн сунуштайбыз. Антпесе, президенттикке талапкер коомчулукка жалган билдирүү тартты деп кабыл алабыз", — деп маалыматта белгиленген.

Кечээ, 1-октябрда президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов депутат Канат Исаевдин айланасында жаралган ызы-чуу боюнча маалымат жыйын өткөргөн.

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Каныбек Иманалиев акыркы ирет Канат Исаев менен качан, эмне боюнча сүйлөшкөнүн айтты
Эскерте кетсек, президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановду колдогон эл өкүлү Канатбек Исаев 30-сентябрь күнү кечке маал кармалган. Ал Башкы прокуратура тарабынан массалык башаламандык уюштурууга жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн деп айыпталып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК Исаевден тышкары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү да кармалганын билдирди. Башкы прокуратуранын тараткан маалыматы боюнча Исаев эгер президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов шайлоодо утулуп калса массалык башаламандык уюштуруп, бийликти басып алуу боюнча айрым адамдар менен сүйлөшкөн.

Мындан сырткары Youtube каналында Канат Исаевге байланыштуу видео жарыяланды.

Биринчи ролик "Бийликти басып алуу боюнча криминалдын сүйлөшүүсү (Бабанов — президент, Исаев — спикер, Төрөбаев — премьер-министр)" деп аталат. Экинчисинин аталышы "Канат Исаев бийликти басып алуу үчүн криминалды даярдаган!". Үчүнчү тасма "Канатбек Исаев криминалга согушкерлерди даярдоо үчүн миллион берип жатат" деген аталыш менен чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0