Канат Исаев канчага чейин камакта калары белгилүү болду

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин архивдик сүрөтү
Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү массалык башаламандык уюштуруп, бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн деп айыпталууда

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев ага карата козголгон кылмыш иши тергелип бүткүчө камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди.

Маалыматта чечим Биринчи Май райондук сотунун токтому менен чыкканы айтылат.

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
УКМК Өмүрбек Бабановдун билдирүүсүнө жооп кайтарды
Белгилей кетсек, Исаев 30-сентябрь күнү кечке маал кармалган. Аны Башкы прокуратура массалык башаламандык уюштурууга жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн деп айыптап, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

УКМК Исаевден тышкары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү да кармалганын билдирген. Башкы прокуратуранын тараткан маалыматы боюнча Исаев эгер президенттикке талапкердин бири шайлоодо утулуп калса массалык башаламандык уюштуруу, бийликти басып алуу боюнча айрым адамдар менен сүйлөшүп макулдашкан.

Мындан сырткары, YouTube каналында Канат Исаевге байланыштуу видео жарыяланды.

Депутат УКМКнын тергөө абагында кармалып турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0