Талантбек Исаев өз каалоосу менен отставкага кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековФуражка милиционера в Кыргызстане
Фуражка милиционера в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Талантбек Исаев дүйшөмбү күнү камакка алынган депутат Канатбек Исаевдин бир тууган агасы болуп эсептелет. Рапорт эртең менен берилген, бирок кол коюлуп же коюлбаганы азырынча белгисиз

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. ИИМдин адистештирилген мамлекеттик күзөт кызмат башкармалыгынын жетекчиси Талантбек Исаев отставкага кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына ведомстводон билдиришти.

Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Канат Исаев канчага чейин камакта калары белгилүү болду
Агенттиктин маектеши билдиргендей рапорт эртең менен берилген, бирок кол коюлуп же коюлбаганы азырынча белгисиз. ИИМ болсо бул маалыматка эч кандай комментарий берилбей турганын маалымдады.

Ал эми Талантбек Исаевдин өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Ал дүйшөмбү күнү камакка алынган депутат Канатбек Исаевдин бир тууган агасы болуп эсептелет.

Парламентарий президенттикке талапкерлердин бири шайлоодон өтпөй калса, бийликти күч менен басып алууга камынган деп айыпталууда. Депутат бүгүн Биринчи Май райондук соту тарабынан тергөө иштери аяктаганча камакка алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0