Бакыт Төрөбаев шайлоодон баш тартты

© Sputnik / Табылды КадырбековЖК депутаты Бакыт Төрөбаевдин архивдик сүрөтү
ЖК депутаты Бакыт Төрөбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин башка талапкерди колдоого аларын айтып, Камчыбек Ташиев дагы жарыштан четтеген

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Президентикке талапкер Бакыт Төрөбаев шайлоодон баш тартуу максатында Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жолдоду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине талапкердин штабынын маалымат кызматынан билдиришти.

"Бакыт Эргешовичтин расмий өкүлдөрү талапкер шайлоодон баш тартары тууралуу арызды БКШга жолдошту", — деп айтылат билдирүүдө.

Президенттин тулку бою роль ойнойбу? - Sputnik Кыргызстан
Президенттин тулку бою роль ойнойбу? Талапкерлердин бою жана салмагы
Катчылыктан Төрөбаев бул кадамга талапкерлердин бирин колдоп чыгуу максатында барганын белгилешти.

Ал эми Боршайкомдун маалымат кызматынан аталган талапкерден арыз түшө элегин айтышты.

Эске салсак, буга чейин президентикке талапкер болгон Камчыбек Ташиев шайлоого катышпай турганын билдирген арызын БШКга берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0