Жумакадыровдун ордуна жаңы вице-премьер кандайча дайындалат

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаседание правительства Кыргызской Республики
Заседание правительства Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгынан каза тапкан вице-премьер министр Темир Жумакадыров күч структурасын жетектеп келген

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Өкмөттө күч структурасын көзөмөлдөгөн вице-премьер Темир Жумакадыров 7-октябрь күнү эртең менен жол кырсыктын айынан жардамчысы жана айдоочусу менен кошо Чүй облусундагы Садовое айылында каза тапкан.

Sputnik агенттигинин редакциясы "Кыргызстандын өкмөтү жөнүндөгү" негизги жана Конституциялык мыйзамдарына таянып вице-премьерлик кызматка талапкер кандайча дайындаларын карап көрдү.

Панихида по погибшему в ДТП вице-премьер-министру КР Темиру Джумакадырову - Sputnik Кыргызстан
Темир Жумакадыровду акыркы сапарга узатуу зыйнаты. Тексттик трансляция
КРдин конституциясынын 87-беренеси: "Өкмөт мүчөсү отставкага кетип же кызматынан бошотулса премьер-министр беш жумуш күндүн ичинде Жогорку Кеңешке жаңы талапкерди сунушташы керек. Парламент тарабынан жактырылган талапкер президент тарабынан кызматка бекитилет. Эгер Жогорку Кеңеш жактырган талапкерди кызматка бекиткен жарлыкты президент үч күндүн ичинде чыгарбаса ал кызматка отурган жок деп эсептелет".

Негизги жагдайлар 24-беренеде дагы жазылган (кызматтан бошотулуунун себептери жана өкмөт мүчөлөрүнүн отставкага кетиши). 10-пункттун 3-беренесине ылайык "өкмөт мүчөсү каза болуп калса кызматтан бошотулган болуп эсептелет".

4-бөлүкчөдө төмөнкүлөр каралган: "Өкмөт мүчөсү премьер-министрдин сунушу менен президент тарабынан бошотулат. Президент премьер-министр сунуш берген күндөн үч күн өткөндөн кийин кызматтан бошотуу боюнча жарлыкка кол коет".

6-бөлүкчөдө төмөнкүлөр каралган: "Өкмөт мүчөсү кызматынан бошотулуп же отставкага кетсе, премьер-министр беш жумуш күндүн ичинде Жогорку Кеңеш жактырган талапкерди президентке сунуштайт. Президент үч күндүн ичинде өкмөт мүчөсүн кызматка дайындоо жарлыгына кол коет".

Жаңылыктар түрмөгү
0