Кол кишенчен адам. Архив

Канатбек Исаевдин иши боюнча жарандык активист Мелис Аспеков кармалды

381
(жаңыланган 13:45 11.10.2017)
Аспеков депутат Исаев менен биргеликте Кыргызстандагы абалды турукташтыруу туурасында сөз бекиткен деп шектелүүдө

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаевге козголгон кылмыш ишинин алкагында жарандык активист Мелис Аспеков кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Ал депутат Исаевге козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган. Исаев эгер президенттикке талапкердин бири шайлоодо утулуп калса массалык башаламандык уюштуруу, бийликти басып алуу боюнча айрым адамдар менен сүйлөшүп макулдашкан деп күнөөлөнүүдө. 

"Мелис Аспеков белгилүү бир топтун кызыкчылыгы үчүн КРде шайлоо жыйынтыгы жарыялангандан кийин, башкалар менен макулдашып алып, бийликти басып алуу, өлкөдөгү абалды туруксуздаштыруу боюнча планды кабыл алууга катышкан", — деп билдиришти УКМКдан. 

Маалыматта анын Исаев менен байланышта болуп, талапкердин партиясынын тарапташтары менен президенттик шайлоо учурунда жана андан кийин массалык башаламандыкты уюштурууга адамдарды жыйноо аракетин көргөн деп шектелип жатканы айтылган.

9-октябрда Кылмыш кодексинин 27, 233, 295-беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Маалыматта ушул эле күнү Аспеков жогорудагы күнөөлөр боюнча шектелип кармалып, тергөө иштери башталганы айтылат.

381
Белгилер:
президенттик шайлоо, сот, Мелис Аспеков, Канатбек Исаев
Тема:
Канат Исаевге карата козголгон кылмыш иши (13)
Тема боюнча
Канат Исаев канчага чейин камакта калары белгилүү болду
УКМК Өмүрбек Бабановдун билдирүүсүнө жооп кайтарды