Казак өкмөт башчысы Сагинтаевдин чек ара маселеси чыкканга чейинки сөзү

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүОфициальный визит премьер-министра РФ Д. Медведева в Киргизию
Официальный визит премьер-министра РФ Д. Медведева в Киргизию - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев президент Алмазбек Атамбаевдин жасаган билдирүүсүнө эки жолу жооп кайтарган

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Шейшемби күнү кечке жуук кыргыз-казак чек арасында көйгөй жаралып, Казакстанга бараткан жарандар көпкө өтө албай кезек күтүп турушту.

Эмнеден улам мындай болуп жатканы тууралуу азырынча расмий билдирүү жок.

Эске салсак, 7-октябрда Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде казак бийлиги тууралуу өзүнүн кескин пикирин билдирген. Андан кийин Казакстандын премьери Бакытжан Сагинтаев Атамбаевдин айткандарына эки ирет жооп айткан.

Казак өкмөт башчысы эмне деген

9-октябрда:

  • Кыргызстандын президентинин шайлоо алдындагы жоопкерчиликсиз, чагымчыл жана жалган сөздөрү эки элдин кылымдардан бери келе жаткан ынтымагына шек келтирбеши керек.
  • Казакстан кыйын күндөрдө кыргыз эли менен болгон. Өлкө башчысынын өтүнүчтөрүнө түшүнүү менен мамиле кылып, социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн чечкенге көмөк көрсөтүп, сезилээрлик гуманитардык жардам берген.
  • Гуманитардык көмөктүн алкагында Кыргызстанга 20 миллион доллар каралып, ага Ош менен Бишкекке мектеп салынган.
  • Кыргызстандын айыл чарба азыктарын Казакстандын базарына жана аны Казакстандын аймагы аркылуу ташуу үчүн бир катар жеңилдиктер каралган.

10 октябрда:

  • Казакстан менен Кыргызстан — боордош мамлекеттер. Мисалы Кыргызстандын бардык тышкы соодасы — транспорт, авиация, темир жолу, автоунаа жолдору Казакстан аркылуу өтөт. Бирок биз аларга эч качан чектөө киргизген эмеспиз.
  • Ортодогу достук мамилени баалаш керек. Казак менен кыргыздар бир тууган эл. Шайлоо кампаниясы аяктайт, бирок анын кесепети биздин ортобузга ажырым салбашы керек. Башкаларга шылдың болбош үчүн биз биримдигибизди сакташыбыз абзел.
Жаңылыктар түрмөгү
0