Казак серепчиси: бийлик Атамбаевдин сөзүнө териккен жок деп ишенгим келет

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шейшемби күнү кечке жуук Казакстанга өтүү кыйындаган

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Казакстандын саясат таануучусу Досым Сатпаев өзүнүн Facebook баракчасына кыргыз-казак чек арасындагы абал боюнча пикирин билдирди.

Шейшемби күнү кечке жуук кыргыз-казак чек арасында көйгөй жаралды. Тагыраагы, Кыргызстандан Казакстанга унаалар менен адамдардын өтүшү кыйла кыйындаган. 

"Атамбаевдин билдирүүсүнөн кийин биздин бийлик Казакстанда жашап, иштеген кыргыздардан күчүн чыгарып жаткан болсо, бул акылсыздык менен кабыл алынган чечим деп бааласа болот. Кордайдагы азыркы абал мындай жагдайдын башталыш акциясы эместигине ишенгим келет. Саясатчылар келет, кетет. Ал эми эл калат", — деп жазды Сатпаев.

Ал ошондой эле Казакстандын Кыргызстандан үйрөнө турчу нерселери бар экенин айтып, Атамбаев өз каалоосу менен тактысын тапшырып жаткан Борбор Азиядагы жалгыз президент экенин белгилеген.

Ситуация в КПП Чон-Капка в Таласской области - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-казак чегиндеги "Ак-Жолдон" башка өткөрүү пунктуларында абал кандай
"Революция же мамлекеттик төңкөрүштөн кийин эмес, өз каалоосу менен кетип жатат. Муну менен катар талапкерлерге катуу атаандаштык түзүп берип, анын жыйынтыгы өзүн дагы бир аз убайымга салды. Башка авторитардык мамлекеттердин арасында ал ак каргадай болуп жатканы белгилүү. Бирок мунун мааниси чоң, мындай көрүнүш кайсы бир күнү бизде дагы болоруна ишенгим келет", — деди серепчи.

Сатпаев аймакта өзүн мыкты сезгендер эртең баарынын артында калып калышы мүмкүн экенин белгилеп өткөн.

"Саясий реформалар жагынан алып караганда, биз Кыргызстандан артта калып жатабыз. Бул реформалар ал жакта жеңил өтүп жаткан жок. Анткен менен бир жерде турбай алдыга жылып жатышат", — деди ал.

7-октябрда Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу учурунда казак бийлиги тууралуу терс пикирлерин айткан.

Мындай билдирүүдөн кийин Казакстандын бийлиги жооп кайтарган. Ошондой эле Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев дагы өз пикирин билдирген.

Кыргыз-казак чек арасында учурда эмне болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0