Өкмөт: Назарбаев кыргыз-казак чек арасындагы абалды жөнгө салууну тапшырды

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Кыргызской Республики Сапар Исаков принимает участие в саммите ЕврАзЭС
Премьер-министр Кыргызской Республики Сапар Исаков принимает участие в саммите ЕврАзЭС - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер Сапар Исаков түзүлгөн кырдаалдан бир гана Кыргызстан менен Казакстандын жарандары жабыркабастан башка мамлекеттин тургундарына да таасир берип жатканын айтты

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков Сочи шаарында өтүп жаткан Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен сүйлөшүп, кыргыз-казак чек арасындагы абал тууралуу маалымат берген. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн маалымат кызматы билдирди.

Премьер Исаков түзүлгөн кырдаалдан бир гана Кыргызстан менен Казакстандын жарандары жабыркабастан башка мамлекеттин тургундарына да таасир берип жатканын баса белгилеген.

"Сүйлөшүүдөн кийин Нурсултан Назарбаев казак өкмөтүнө чек арада түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча буйрук берди", — деп айтылат билдирүүдө. 

Белгилей кетсек, 10-октябрда кечинде кыргыз-казак чек ара бекеттеринде кезек күткөндөрдүн саны өсүп, алар бир нече сааттап туруп жатышкандыктарын айта баштаган.

11-октябрда да абал өзгөргөн эмес. Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети өлкөнүн бардык чек араларында атайын операция жүргөндүктөн жогорудагыдай кырдаал түзүлгөнүн кечинде гана маалымдады.

Жаңылыктар түрмөгү
0