Атамбаев кыргыз-казак чек арасындагы абал жоюлбаса кандай кадамга барарын айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековХод выборов президента Кыргызстана в Бишкеке
Ход выборов президента Кыргызстана в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчы добуш берип чыккандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев кыргыз-казак чек арасындагы абал шайлоодон кийин дагы жөнгө салынбаса кандай кадамдарга барарын журналисттер менен болгон жолугушуусу учурунда билдирди.

Өлкө башчы чек арадагы кырдаалдан жөнөкөй жарандар жапа чегип жатканын өз сөзүндө белгилеп өттү.

"Казакстандын бийлиги чек арадагы кырдаал биздеги шайлоого байланыштуу экенин айтты. Бирок башка коңшуларыбыз менен мындай көйгөй жаралган жок. Мына чек ара маселесинен улам чек арадан казак жараны жүрөгү кармап каза тапты", — деди Атамбаев.

Ал ошондой эле Кыргызстандагы президенттик шайлоо аяктагандан кийин дагы чек арадагы кырдаал жөнгө салынбаса, кандай кадамдарга барарын айтып өттү.

"Эгер шайлоо бүткөндөн кийин дагы чек арадагы тоскоолдуктар алынбаса, анда Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн жетекчилеринин жыйынын уюштурам. Ошол жактан маселени талкууга алабыз", — деди Атамбаев.

Мамлекет башчы 1930-жылдардагы кыйын кездерди кыргыз-казак эли биргеликте жеңип келгенин кошумчалап өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0