Жээнбеков алдыда. Шайлоонун жаңыланган жыйынтыгы белгилүү болду

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПрезиденттикке талапкет Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү
Президенттикке талапкет Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
БШК саат 22.30дагы маалыматка таянып билдиргенине караганда, шайлоочулардын көбү Сооронбай Жээнбековго добушун берген

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Саат 22.30га алынган маалымат боюнча, шайлоонун жыйынтыгы менен Сооронбай Жээнбеков алдыга чыкты. 

2017-жылдагы президенттик шайлоодогу добуш берүүлөрдүналдын ала жыйынтыктары - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы шайлоонун алдын ала жыйынтыктары. Электрондук урна санаган добуштар
Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, Жээнбековго шайлоочулардын 54,75 пайызы добуш берген.

Экинчи орунга талапкер Өмүрбек Бабанов чыкты. Ал шайлоочулардын 33,8 пайызынын колдоосуна ээ болгон.

Үчүнчү орунда Адахан Мадумаров турат, анын куржунуна 6,47 пайыз добуш түштү.

Андан кийинки орунга чыккан Темир Сариев 2,57 пайыз добуш алды.

Таалатбек Масадыков — 0,63 пайыз.

Улукбек Кочкоров — 0,50 пайыз.

Азимбек Бекназаров — 0,16 пайыз.

Арстанбек Абдылдаев — 0,12 пайыз.

Арсланбек Малиев — 0,09 пайыз.

Эрнис Зарлыков — 0,09 пайыз.

Токтайым Үмөталиева — 0,09 пайыз.

Баарына каршы — 0,73 пайыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0